АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Өткүрлүк кылсаң тил албай
Биз, өзгөчө кордук көрөбүз.
Жардыгы жалган болбогон,
Жамандык кылган оңбогон,
Жаратканы колдогон,
Жаалы катуу төрөбүз.
Жайылдык кылып койсоңуз
Жайыбыз ушу — өлөбүз.
Оңо турган неме эмес,
Оңой-олтоң эр эмес,
Окус өлүп кетпейлик,
Комсоо көрүп иш кылып
Кокус өлүп кетпейлик.
Өлөңдүү жерди өрттөгөн
Өткүр шердин бири ушу.
Өзүн-жатын карабас
Жеткир эрдин бири ушу.
Кара сууга кан куйган
Каңкор эрдин бири ушу,
Калайыкка чаң салган
Анткор эрдин бири ушу.
Кылыгын адам биле албас,
Кыйыгы тутса тил албас,
Кыйын эрдин бири ушу.
Жоругун адам билбеген
Жоомарт эрдин бири ушу.
Жоо көрбөсө бууруккан
Дөөбант эрдин бири ушу.
Нуска сүйлөп, сөз байлап,
Чечендик жайы дагы бар,
Беш тараптан жоо сайса
Көптөйт деп көөнүнө албаган
Бекемдик жайы дагы бар,
Айткан сөзгө ар качан
Жеткендик жайы дагы бар.
Жаалы катуу каңкорго,
Жандан тойгон анткорго
Жаман кылып салбаңыз,
Кас кишидей иш кылып
Канга забын калбаңыз.
Аттан түшүп алалык,
Ыгы бөлөк каңкорго
Ызат кылып баралык,
Эби болсо, баатыр деп,
Эптүү Ажың айтып кеп,
Алмаңды алды жылоодон.

