АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Кылжейрен атын кындыйтып
Кыйгактуу найза зыңкыйтып,
Адам өлчөр неме эмес,
Байкап көрсөң айбатын
Манасыңан кем эмес.
Бар кудай берген экен деп,
Баатыр Сыргак жол баштап,
Астына түштү тепеңдеп.
Ашты Мойнок белинен,
Астынан барган беш баатыр
Алмамбетти көргөндө
Айрылып калды мурунку
Алаптап жүргөн деминен,
Жалгыз ооз жайын укпады
Алмамбеттин кебинен.
Алиги келген бешөөнү
Адам го деп аңдабай,
Алда кандай жан бу деп
Аңкарып анык карабай,
Кейпин көрүп беш баатыр
Кеп суроого жарабай.
Дөбөгө тиккен кырк чатыр,
Эки жүзчө адамы
Бакылдашып ордо атып,
Чатыраш оюн салыптыр,
Кишисинен кырк-элүү
Киштеге кирип калыптыр,
Чакмак-топ таш алыптыр,
Курдап алып элүүсү
Кумалагын салыптыр.
Жатканы турбай кырданып,
Жаалданып сурданып,
Карап койгон бир жан жок,
Кандай жүргөн адам деп
Капарына алган тири жан жок.
Алардан бетер кырданып,
Айбатын салып сурданып,
Төрт төбөлүү көк чатыр,
Төрө Манас үстүндө
Дөөкүрсүгөн көй баатыр.
Кыргыл, Бакай кары бар,
Кыйындардын баары бар.
Оңдоп алып борумун,
Манас менен Бакайдын
Ортосунан коюптур
Болор болбос орунун.
Аңырайган тешиктен,
Ачылып турган эшиктен
Арстан Алма султаның
Аты менен келүүгө,
Айтып салам берүүгө
Бастырган бойдон барыптыр.

