Көк жайыкта жатканың
Төрт жүз сексен кишисиң,
Төлгөсүн көрсүн ишиңдин.
Эки жүз ордо салыңар,
Элүүң жөнөп төш жакка
Ат откоруп барыңар,
Кыркың кызык ойнотуп,
Чатыраш ойнун салыңар,
Тогуз, онуң биригип
Тогуз коргоол алыңар.
Жыйылып алып жыйырмаң
Топ таш-чакмак алыңар.
Он эки желдет ат алар
Оолактан атын алыңар,
Ороюң суук салыңар.
Сөөлөткө тигип алганың
Төрт төбөлүү көк чатыр,
Дөөкүрсүгөн көй баатыр
Саламын алик албаңар,
Жакшы экен деп көрүшүп
Жарбаңдашып калбаңар.
Жатканың турбай кырданып,
Жаалыңды салын сурданып,
Которуп орун бербеңер,
Козголуп келгин дебеңер,
Сырыңды сыны толтурар,
Сырттандык кылса зыңкыйып,
Ою терең эр болсо
Олутун таап олтурар.
Бабырап башкаң үндөбөй,
Баянсыз кепти сүйлөбөй,
Сыр бербестен зымпыйып,
Кыраан куштай кымпыйып,
Жок сөздү айтып чуулабай,
Жол-жобосун сурабай
Адептүү болгун баарыңар,
Ар кандай жумуш болсо да
Аңдап менден алыңар.
Арстан эрдин өзүнөн
Адеп тутуп калыңар.
Кытайдан келсе казакка,
Казактан калса азапка,
Кыргыз дагы шек берип
Калбайлык кара мазакка.
Капия баштап албаңар,
Калкыңдын жөнүн биле элек,
Капалантып салбаңар,
Аңгеме баштап албаңар,
Адамың жайын биле элек,
Арстан эрдин өзүнү
Ызалантып салбаңар.