АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Айтканымды туюнчу,
Арстан эрлер сүйүнчү!
Сөз айтамын туюнчу,
Төрөлөрүм сүйүнчү!
Баштап жүрсө барааның,
Калкыңда жүрсө карааның,
Бетинде жүрсө бедериң,
Белиңе таңуу медериң,
Элинде жүрсө эркегиң,
Түндүктү тирер түркүгүң,
Жолго кирсе жолдошуң,
Жоголор жерде колдошуң,
Жоо качырсаң жолборсуң,
Өнөрү ашык дүйнөдөн,
Өмүр сүрсөң жолдошуң
Алмамбет келет мен көрдүм,
Ар мүнөзүн, айбатын
Арстанга тең көрдүм!
Көңүлүн адам тапкандай,
Көргөн адам баккандай,
Көптөн аны токтоткон
Көл-дарыя ырыска
Көз көрүнөө баткандай!
Акылга адам тапкандай,
Айла кылып токтоткон
Аккан суудай ырыска
Алдам берсе баткандай,
Сунса колу узарып,
Жумулса көзүн ачкандай!
Кетирбей токтоп калышын
Кебин кылгын көй баатыр,
Аздырбай алып калыштын
Акылын кылгын көй баатыр!
Айрылып калып Көкчөдөй,
Арманда болуп бөксөрбөй,
Жергеңде жүрсө жектебей,
Окус жаман иш кылса
Осол көрүп кектебей
Батырарың маалим кыл!
Чогоолдук кылса көтөрүп,
Өжөрлүк кылса өткөрүп,
Кейишке салса кечирип,
Кеткени болсо келтирип,
Өчтөшкөнүн өлтүрүп,
Күтөрдүн камын кылыңар!
Бүлүндүрсө бүлк этпей
Түтөрдүң камын кылыңар!
Жарлык кылса буйругун
Тутардын камын кылыңар,
Өчтөшкөнүн өлтүрүп,
Жутардын камын кылыңар!

