Бирок менин айтарым.
Арстан сындуу эрдир ээ,
Алып келип үстүмө
Ар канча кыйын болсо да
Ат менен салам бердирбе.
Жөөлөп айтсын саламын,
Жөнүн билип аламын.
Бас келип айтсың саламын,
Баркын билип аламын.
Алмамбет мында келгенде
Азат боюң күүлөбөй,
Аламандап сүйлөбөй,
Артык айтпай сөзүңдү
Аңдаңар менин өзүмдү.
Кыл дегеним кылыңар,
Кыйла кыйын сыры бар,
Караса көрөр сыны бар.
Сыныңды сынап билбесин,
Сырттан эрдин бир өзү
Сызып жолго кирбесин.
Жоо бөрүсү эр деген,
Жоругуңду билбесин,
Жолобой жолго кирбесин.
Кытайдан келген бир эрди
Кыйрынан казак жиберди,
Көкчөнүн жигиттеринче
Көтүнөн түшсөң ал эрдин
Көрүнөө кырам силерди.
Каңгайдан келген бир эрди
Кадырын казак билбеди,
Каңгытып кууп жиберди,
Как ошондой кылганча
Каныңды төгөм силерди.
Беш баатырын белендеп
Көк колот ылдый салыптыр,
Көй төрөлөр калыптыр.
Эки жүз ордо чийишип,
Оюнга кирди баарысы,
Оён эрдин айтканын
О жерде кылып алышты.
Көк колот менен салыптыр,
Көй баатырдан бешөөсү
Көрүнбөй тосуп калыптыр.
Аккан жашын көзгө алып,
Белден көргөн белгиге
Бет алып жолго салыптыр,
Белендеген беш баатыр
Кабактан чыгып калыптыр.