АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Эшикке жакын барганда,
Элүү кадам калганда
Айткан Манас канынан
Беш баатыр бекем угуптур
Ат менен салам бердирсең
Үмүтүң үз деп жаныңдан,
Эт жүрөгү болкулдап,
Эч аргасын таба албай,
Эстери чыгып кыпылдап,
Эшигине Алмамбет
Жакын жетти чукулдап.
Чыдай албай Ажакең
Бастырып чыйрак барганы,
Баатыр Алмаң султандын
Чылбырынан кармады:
Сабагыңды карасам
Сары алтындын кенисиз,
Жөн-жайыңды карасам
Дөө кызматкер перисиз.
Кадамыңыз кут болсун,
Каалап мында келипсиз,
Кадыр алда жар берсе
Калың кыргыз журтуна
Карашуучу шериксиз.
Көөхарсың көз айныган,
Куйругуң кучак куудайык
Көк асманда дайрыган.
Капаланып чыгыпсың
Казактын калың элинен,
Кадыр алда буйругу,
Арстан эрге жолуктуң
Ашмаранын белинен,
Аңдап уккун арзымды
Асирет кайгы кебимден.
Улук да болсоң ушу жол
Биздер үчүн кичик бол.
Каары катуу каныбыз,
Ат менен салам берсеңиз
Калбас тирүү жаныбыз.
Кесилип кетер саныбыз
Асылы түбүн ойлосом
Аман калбас жаныбыз.
Айтканынан кайтпаган,
Азыр өлүм турса да
Ажалдан башын тартпаган,
Өкүмү экөө болбогон,
Өчтөшкөнү оңбогон.
Өзүн кудай колдогон
Өкүматтуу төрөбүз.

