Атты чапкан өзүбүз,
Макул болсо сөзүбүз,
Башканын аты алабы?!
Кырк баатырдын атынан
Байгеге кирбей калабы?
Адамдан байге сайды деп
Алмамбеттин көңүлүн
Бир көтөрүп салалы!
Өз аты келер өзүнө,
Манас кулак салыптыр
Серектин айткан сөзүнө.
Аты-тонун талашып
Уруштуруп жүрбөйүн,
Ач бөрүдөй буларды
Жулуштуруп жүрбөйүн.
Серектин макул кеби деп,
Жаш жигиттер бөлүнүп
Байге болуп турганы
Абыдан келди эби деп,
Кылая багып күлбөгөн,
Күлгөндүн сырын билбеген,
Күңгүрөнө сүйлөгөн
Кабылан Манас баатыры
Катуу күлдү акыры.
Каалгадай кашка тиш,
Калайыктан башка тиш,
Кашкайып чыгып алыптыр,
Катуу күлүп эр Манас
Каткырыгын салыптыр:
Серектин сөзүн алыңар,
Силерди бирөө олжолоп
Алып кетип жатабы,
Макул экен бул кеңеш,
Байге боло калыңар!
Манас айтып салганы,
Башчы болуп Бозуул
Он жети жигит алганы.
Башкы атка сайып жетини,
Экинчиси үч болду,
Үч атка сайды экини,
Андан кийинки аттарга
Бирден-бирден сайыптыр,
Тогуз аттын бирөөнө
Байге жетпей калыптыр.
Мына, мен эле байге болдум деп,
Мажик баатыр барыптыр,
Ана-мына кылганча,
Ачып көзүн жумганча,
Иреттелип турганча
Чапкан ат келип калыптыр.