АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Эр Алмамбет келген соң
Эбелек сары талаага
Эки күн жатып калышты.
Кетсекпи деп кеңешип
Эр Алмаңдын үстүнө
Эл жыйылып барышты.
Макул болсо баатыр деп,
Кайтууга биздин акыл деп,
Бай Жакып деген атаң бар,
Барсак кандай акыр деп:
Жүр десеңиз жүрөбүз,
Сиз менен доор сүрөбүз,
Тур десеңиз турабыз,
Суурсаң кылыч чабууга
Мойнубузду сунабыз.
Кыргыз урук элибиз,
Кылса сизге жамандык
Кырып салсаң мейлиңиз.
Кетсең мына жолуңуз,
Урматыңа жүгүндүк,
Уксак экен жообуңуз?
Жол узунун чала кет,
Кетсең мына жолуңуз,
Кашыңда жети баатырды
Кайда барсаң ала кет.
Эрге берген бир белек,
Эки дүйнө жүзүндө
Эр жигитке мал керек,
Калкына келип кыргыздын
Кашында жолдош жок жүрүш
Калкка намыс чоң жумуш.
Чабыттап учкан шумкарсың,
Туягың болот тулпарсың,
Текөөрүң болот темирсиң,
Серпкениң өлгөн себилсиң *
Жайыңды балан дегиниң.
Көөнүңө толсок күтөлүк,
Мактанбайлык жокту айтып,
Бары болсо түтөлүк.
Казак, кыргыз туугандыр,
Көкчөгө бүткөн көй кашка,
Ар кимдин иши бир башка,
Көрө албай сени куугандыр.
Алардай болот экен деп
Акыры баатыр, ойлобо,
Алынганбыз Манаска,
Арстандыгын болжобо,
Так жообуңду угууга
Талапкербиз ошого.

