АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Найзага тактым ак желек,
Азамат эрге бир белек.
Күн чыгыш барсаң Бээжин бар,
Күлдү кытай элиң бар,
Кай жакка тарткан мейлиң бар?
Кааласаң кайта барарсың
Кан Көкчөдөй эриң бар,
Калың казак элиң бар.
Күн батыш барсаң арап бар,
Күн жүрүш жакка бет алсаң
Ысбахан менен Ындыстан,
Кандай барсаң андай бар,
Ар керегиң камдай бар.
Керегиң болсо дагы да айт,
Кеңешиңе салып айт,
Көңүлүңө алып айт.
Дүйнөдө болсо табайын,
Улук эр мында келипсиз
Кадамыңды куттуктап
Кас буудандын баарысын
Тийип өткөндүгүңө
Кубанчыңа чабайын.
Тур дейт экен Манас деп,
Туюнтуп айткан бу бир кеп,
Капарыңа албагын,
Кааласаң тур, каала кет,
Капаланып калбагын,
Калыс болор биздин нээт.
Ал сөздөн Манас токтолду,
Турам-кетем деген сөз
Алмамбетте жок болду.
Аттын баарын айдатып
Ат чабуучу балдарын
Арчындап жоолук байлатып,
Көкүлүн көккө түйдүрүп,
Көздөрүн шамдай күйдүрүп,
Куйругун жерге шүйдүрүп,
Балдарынын баарына
Машаты күрмө кийдирип.
Аккулага бир бала
Азыр минип алганы,
Ат меники, чаппайм деп,
Алмамбет алып калганы,
Чапкан атка чубатып
Сараланы салганы.
Сай кашканын баарысы
Айдады атын жиберип,
Кошто калды токтолуп,
Сүрөбөйлүк муну деп
Сүрөмөсү жок болуп.

