АЛМАМБЕТ БААТЫРДЫН КАПАЛАНЫП КЕЛЕ ЖАТЫП ЧҮЙДҮН АЯГЫНДА МАНАС БААТЫРГА УЧУРАГАНЫ.
Туяк тийген жерлери
Жер очоктой казылып,
Сапырылган тозоңу.
Жөө тумандай жазылып,
Алмамбеттин Сарала ат
Суулугу жерге басылып,
Оозуна алы жете албай,
Эки колдоп тизгинге
Чапкан бала асылып
Астына келип калыптыр,
Кырк чоронун баарысы,
Кыргыл, Бакай карысы
Алмамбет деп чуу тартып
Айгайды бийик салыптыр.
Алмамбеттин көңүлүн
Билдирбей туруп кырк баатыр
Бир көтөрүп алыптыр.
Эки болуп Бакайдын
Салкызылы барыптыр,
Үчүнчүсү Кыргылдын
Шалтору келип калыптыр.
Төртүнчүсү Ажыңдын
Аксур аты барыптыр,
Бешинчиси Сыргактын
Көкказык келип калыптыр.
Алтынчысы Кутунай
Аркарбозу барыптыр.
Жетинчиси Чубактын
Көктекеси барыптыр.
Токотойдун Тору аты
Сегизинчи барыптыр.
Тогузунчу Мажикиин
Төөсур аты барыптыр.
Кырк баатырдын баарысы
Кыргыл, Бакай карысы
Эр Мажикке кеп айтып,
Тилмеч белең атыңа,
Так өзүңө Төөсуруң
Таанып келди деп айтып,
Каткырыгы баш жарып
Катуу күлүп калышып,
Кайбана жүрүп сыртынан
Кетет го деп Алмамбет
Кеңеш кылып салышып,
Алмамбет асты сыр айтпайт,
Сырынын четин кылайтпайт,
Каары катуу кан экен,
Карап турсак мүнөзү
Касиеттүү жан экен,
Кайрылбай бизге кеткендей
Мында кандай мүдөө бар экен?

