Кызык жетип кармаарда
Кырк бала кырдан жеткени,
Туучунакты кубалап,
Тийип алып кеткени.
Кырк бала болду жолдошум,
Кызыкта болду бу башым.
Ат үстүндө ак жолборс
Балдар жапты терисин,
Таң атканча чаң кылдык
Салкындуунун керисин,
Түшкө жакын мен көрдүм
Бай Жакыптын келүүсүн.
Бай Жакып үнү баркырап
Меңдибайлап чакырды,
Мени карап бакырды.
Чакырганда бар деди,
Байкуш атам бай Жакып,
Бала үчүн болгон кар деди,
Мен барганча бай Жакып
Балага болор зар деди.
Бакдөөлөт менен байбиче
Көрүп турду көз менен,
Угуп турду сөз менен,
Бекерби, чынбы деп сурайт
Меңдибайдын өзүнөн.
— Көөдөк бала турбайбы,
Калп айтса кудай урбайбы.
Көргөн иши чын го деп,
Бу бир көз боочудай сыр го деп,
Бербердигер бир алда
Кечетеден бер жакка
Белгини кандай кылды деп,
Береги эки катыным
Мээнетке мени койду деп,
Же белгиси жок турушуп,
Мени менен урушуп,
Берчи мына той деди,
Бээ семизин сой деди,
Калмактан жылкы куугандай,
Кантип соём көп малды
Катыным эркек туугандай?
Же кытайдан черүү келгендей,
Кырамын кантип көп малды
Кыз күйөөгө бергендей.
Кызыл ала кыламбы
Кырдан кырк теке аткан мергендей?
Айлы бирге акыр деп,
Анда бар кыйла акыл деп,
Айтууга кепке макул деп,
Акбалта бийди чакыр деп,
Уругу кыргыз нойгуттан,
Нуска билген жакшы жан,
Бердикени чакыргын,
Бери келсин мында деп,
Бечара менен карыпка,
Кемпир, берериңди чыңда деп,
Дамбылданы чакыргын,
Даяр болсун мында деп,
Далай келет талапкер,
Берериңди тыңда деп,
Эркегинин баарысын
Нээти казат караткан,
Ургаачысын ар жерде,
Уруш-кыстоо тар жерде,
Үлкөн калба бар жерде
Ак түлөөгө жараткан
Камбар боздун үйрүнөн
Кармап келгин бир бээ.
Тогуз кары бээ болсун,
Токсон кары кой болсун,
Ушунун баарын сойгон соң
Толуп жаткан той болсун,
Ак баш инген төө болсун,
Аты жоктор жөө болсун.
Сыйырдан * жетөө союлсун,
Ач-арыктар тоюнсун.
Мал сойсоң бала берет деп
Байбичем жүрөт элеңдеп,
Той кылсаң бала берет ден
Бакдөөлөт жүрөт делектеп,
Берейинчи тоюңду,
Анан карап турайын
Катындар сенин жоюңду.
Чакыргын деди Күлдүрдү,
Катындар минтип бүлдүрдү.
Кабарын айтып бай Жакып
Баарысына билдирди,
Малын союп бүлдүрдү.
Жылкычысы Ыйманды
Ылдам алып кел деди,
Бадачысы Байболду
Бачым алып кел деди,
Койчу башы Кубат деп,
Барып кабар айтагөр,
Койду ылдам чубат деп,
Төө башчысы Сарбаны,
Төрт түлүктүү малына
Төрт азамат барганы.
Төрт түлүктүү малынан,
Бөлүп айдап баарынан.
Жергесинде Жакыптын
Жетимиш үйлүү киши экен,
Элүү жашка чыкканча
Бу эч кылбаган иши экен.