ЖАКЫП, ЧЫЙЫРДЫ, БАКДӨӨЛӨТ ҮЧӨӨНҮН ТҮШ КӨРГӨНҮ
Куу чабдар чурап жеткени,
Кызыл күүгүм чак эле,
Кырдан чыгып кыйкырып,
Кырк бала тийип кеткени.
Бай Жакып деп бакырат,
Манастап ураан чакырат.
Туучунак качып жөнөлдү,
Кырк бала кууп өмөлдү,
Бара жаткан жолунда
Барандалар * көп өлдү.
Балаңды башта жашырдың,
Атыңды кырдан ашырдың.
Токойго атың жеткени,
Жолборс кучак саларда
Жолдош болгон бир бала
Күрсү урарда Туучунак
Жолборсту тепти бир туйлап.
Бала да күрсү урганы,
Билбей калдым мен дагы
Туучунак боорун бөлгөнүн,
Же башка чапкан баланын
Күрсүсүнөн өлгөнүн.
Жолборсту бирөө сойгону,
Атыңа артып койгону.
Меңдибай бала сен деди,
Жибербеймин мен деди,
Тамак ичип, ойнойлу,
Тамашага кел деди.
Салкындын суун бойлодум,
Таң атканча ойнодум.
Уйкуга чырым албадым,
Урушуп калба * салбадым,
Күрөшкөн менен аларга
Келер эмес дарманым.
Кырк балаң мында жүргөн соң,
Бай Жакыпбай, атаке,
Кандай кылган арманың?
Меңдибай айтты безилдеп,
Берди Жакып жоопту:
— Бекер айтпа, балам, деп,
Кырк бала түгүл бири жок,
Өлгөн Жакып, тирүү жок.
Шылдыңың, балам, эп деди,
Бу кандай кулакка сыйбас кеп деди.
Балам, мазак кылбачы,
Энди үйүңө кет деди.
Энең кылды мазакты,
Түндөтөн бери уктатпай
Артыкча салды азапты.
Жок десем жолборс тери бар,
Кырк чилтен деген бар деген,
Жолдош болсо эби бар.
Байбичем аты Чыйырды,
Бала үчүн ыйлап чыңырды.
Токолум аты Бакдөөлөт,
Толук менде көп дөөлөт.,
Баласынын жогунан
Күтө албады көп сөөлөт.
Берсе кудай бир бала
Болор эле көп сөөмөт.
Түндөгү түндүн өзүндө,
Көрүнбөдү көзүмө,
Атакелеп баланын
Айткан үнү угулду,
Алкымыма жүрөгүм
Апкаарып келип тыгылды.
Берсе кудай баланы,
Казынасы канча көп,
Кемип андан калабы?!
Эрмек кылба карганда,
Кетели, үйгө баралы.
Баланы алып, атты алып,
Барды Жакып үйүнө.
Байбиче менен Бакдөөлөт
Басып чыкты сүйүнө.
Канымжан келди кашына,
Баласын көрүп, кургуруң,
Койну толду жашына.
— Эсиң чыгып ыйлаган,
Эшикке түндө чыкпаган,
Жаткандан турбай түшкөчө
Эрикпестен уктаган
Талаага не деп жаттың деп,
Таң атканча уктабай
Бекерге шорум каттым деп,
Бу жолборстон кантип калдың деп,
Баарыбызды бу жерде
Жоболоңго салдың деп,—
Энеси минтип сурады.
Көргөнүн айтпай Меңдибай,
Көөдөк бала турабы.
— Бай Жакыптын Туучунак
Баскан бойдон кетти деп,
Кетет экен аты деп
Кетүүгө көзүм жетти деп,
Куу чабдар минген кунаным,
Аны жүгүртмөккө кубандым.
Кызыл күүгүм чак эле,
Кыр ашып аты кеткени.

