Козголбой уктап бай Жакып,
Кыйын уктап калыптыр.
Ойготпоюн аны деп
Байбиче оюна алыптыр.
Байбиче, байга нетти деп,
Байлаган киши жок беле,
Аты бошоп кетти деп,
Акымбек уулу Меңдибай
Жакындап кууп жетти деп.
Байлаар киши болбосо
Ал өңдөнгөн доңузду,
Байбичеси, токолу
Байлап койсо нетти деп
Бердике туруп бек айтты.
Бербей койду бала деп
Бербердигер алдага
Өчөшөбү деп айтты.
Бала берер кудурет,
Өкүмүн өзүнөн бөлөк ким билет.
Ат байлаар адам болбосо
Бакдөөлөткө чоң милдет.
Бердике муну айтканы,
Бакдөөлөттүн мойнуна
Баса минди шайтаны:
Буурул сакал адамдар
Мындай бузук сөз айтпайт.
Кызматкер балдар кырк эле,
Малайдан башым кутулбайт,
Жалчыдан жаным тынчыбайт,
Ошончонун баарынан
Ат алар киши түк калбайт.
Мен байлоочу белем башынан,
Байы чыкпай калганбы
Байбиченин кашынан?
Куруп калган томаяк
Курсагы тоюп алганбы
Куу кемпирдин ашынан?!
Бердике чалга бек айтат,
Мээнет баскыр деп айтат,
Безеленип Бакдөөлөт
Бекем-бекем кеп айтат.
Бердике сөзү токтолду,
Белден ашкан Меңдибай
Ат кууган бойдон жок болду.
Көз байланды түн болду,
Ат кууган бойдон жоголуп
Меңдибайга не болду?
Меңдибайдын энеси,
Бейжайыраак эмеси
Канымжан келди кашына.
Карап көрсө бай Жакып
Жаздык коюп башына
Узарып уктап калыптыр,
Ушуну көрүп Канымжан
Уруштун сөзүн салыптыр.
Чыйырдыга кеп айтат,
Чымырканып бек айтат:
— Баштатан башы байлоолу
Малайың белек,— деп айтат,—
Ойготсоңчу эриңди,
Ойлосоңчу сөзүмдү,
Он бирде балам жоголсо,
Оболдон бала көрбөдүң,
Мени да окшоткону турсуң өзүңө
Байбиче десе мактанып,
Бирди-экини кишини
Бир да илбейсиң көзүңө,
Эртеден балам жоголду,
Эч албайсың эсиңе.
Каракчы бар, ууру бар,
Жалгызымдан айрылсам
Сенин жаныңды коёр ким дейсиң?
Миңдеп жаткаң жылкыңды
Бир түгүнө албайын.
Чыбыр толгон жылкыңды
Чыпалагына албаймын.
Адыр толгон жылкыңды
Аягына албаймын,
Өзүн тирүү бербесең
Өлбөй тирүү калбаймын!
Байбиче сага мал кызык,
Бул күндө мага бала ысык!
Олтурамы бу жерде
Ыйлап саган алышып?!
Түн ортосу болуптур,
Жыбырап жылдыз толуптур.
Же алигиче кабар жок,
Артынан киши барган жок,
Узатпай таап алууга
Ургаачы менде дарман жок.
Бай Жакып атын качырды,
Басып келип Канымжан
Чыйырды мээсин ачытты.
Байбиче турду балк этип,
Балкы тон* менен жалк этип.
Каракчы бар, ууру бар,
Кармап кетсе баламды,
Какчаңдаган куу кемпир
Сенден кара жан аяп каламбы?