Тогуз жылкы, токсон кой,
Болуп жаткан бу бир той.
Уйдан сойду жетини,
Төөдөн сойду экини,
Бу бай Жакып бирди көрдү деп
Башканын баары шекинди.
Жер очокту ойдурду,
Жыйып-ченеп баарысын
Жыйырма кара сойдурду.
Кызматка кыркты тургузду,
Ошо күнү чакырды
Он эки уруу кыргызды.
Катындар салды азапка,
Кабар берди казакка,
Барып кел деди маңгулга,
Кабар берди калмакка.
Эки күн этин бышырды,
Элдин алдын түшүрдү.
Табакты элге тарттырды,
Майга тоюп баарысы,
Кешигин кенен арттырды.
Кара-Шаар калмагы
Кары-жашы барганы.
Кырда жаткан кыргыздын
Кыйласы барды бул тойго,
Алтайдагы казактан
Арбын барды бу тойго.
Эки күнү эт тартты,
Атын чаап, эл кайтты.
Кетпесин деп тууганым,
Келип Жакып элге айтты.
Кыргыздын байы Бактыгул,
Жакын тууган мына бул,
Казактан Үйшүн карыя,
Алчын менен абагы,
Ата уулудан калганы.
Кыргыздардан Байжигит,
Кыпчактардан Таз чечен,
Нойгуттардан Акбалта,
Ногойлордон эр Эштек,
Түрктүн уулу Дамбылда,
Түмөнбайдын Абдылда.
Баарын жыйып бай Жакып
Өз үйүнө киргизди,
Бирден ичик, бир кымкап
Эр башына кийгизди.
Караламан калганга
Сарпайдан үч жүз тон болду.
Бечаранын балдары
Той жемекке барганы,
Белине жоолук — кур берди,
Бербей калдым дегенге
Беш теңгеден пул берди.
Эттерин алып этектеп,
Жамбаш алып, баш алып,
Атасы жок жаш балдар
Көздөрүнө жаш алып,
Бакдөөлөт менен Чыйырды
Ошол бакырларды чакырды.
Чакырып алып кашына,
Ырайымы келип жашына,
Бир-бирден чапан кийгизди
Жетимдердин башына,
Жарым койлук эт берип,
Талабына жеткирип,
Таратты тойдон кетирип.
Жаш калбады, карысы,
Бай Жакыптын үйүнө
Жылып кирди баарысы.
Көңүлү жакын көсөлү,
Көкүрөк тунук чечени,
Олтурган экен жыйылып
Билермандын эчени.
Түшүн Жакып бай айтат,
Түк таштабай жай айтат:
— Түшүмдө бир куш алыпмын,
Түмөндүү жерге салыпмын.
Кукулуктап үн чыкса
Куштан бөлөк үнү бар,
Куйрук-башы жаркылдап
Куудан аппак жүнү бар,
Айбат менен караса
Алп кара куш сүрү бар.
Саңоорлору * сары алтын,
Таканак жүнү * баары алтын,
Чырымтал жүнү чылк алтын.
Текөөрү болот темир дейт,
Серпкени өлгөн себил дейт,
Тумшугу болот тунжур дейт,
Туягы темир канжар дейт.
Жубар менен жуулган
Жибектен боону тагыпмын.
Алтымыш кулач жибек боо
Аягына тагыпмын,
Ай мунарын жем кылып
Аябай сыйлап багыпмын.
Күмүштөн боону тагыпмын,
Күн мунарын жем кылып
Күпкөгө салып багыпмын.
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албайт,
Жерде жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албайт.