Балам деп башым катырды,
Урушуп таңды атырды.
Байбиче сөзү токтолду,
Бай Жакып жаткан ордунан
Баш көтөрүп октолду:
— Кайгырбачы, кемпирим,
Кадыр алда буюрса
Кайта толор кемтигиң!
Күйүнбөчү, кемпирим,
Күсөгөнүң табылса
Күңдө толор кемтигиң!
Белги болор өрнөгүм,
Мен бекер жатып өлбөдүм,
Уйкуну бекер уктабай
Урматтуу бир түш көргөнүм.
Кукулуктап үн чыкса
Куштан башка үнү бар,
Куйрук-башы жаркылдайт
Куудан аппак жүнү бар,
Айбат менен караса
Алп кара куш сүрү бар.
Саңоорлору* сары алтын,
Таканак жүнү* баары алтын,
Чырымтал жүнү чылк алтын.
Текөөрү болот темир дейт,
Серпкени өлгөн себил дейт.
Тумшугу болот тунжур дейт,
Туяк — болот канжар дейт.
Жыпар менен жуулган
Жибектен боону тагыпмын,
Алтымыш кулач жибек боо
Аягына тагыпмын,
Ай мунарын жем кылып
Абыдан сыйлап багыпмын.
Күмүштөн боо тагыпмын,
Күн мунарын жем кылып
Күпкөлөп жүрүп багыпмын.
Асмандагы канаттуу
Айбатынан уча албай,
Жерде жүргөн аяктуу
Желип чыгып кача албай.
Ага конорго туур жайладым
Алача моюн ак шумкар
Ага кошо байладым.
Билдим бир жакшылык болорун,
Анын качан болор экенин
Бирок билбей шорум кайнадым.
Бай Жакып айтты түшүнү,
Байбиче билди ушуну.
Кондурат экен кудайым
Башыңа дөөлөт кушуну,
Башка жанга билдирбей
Жакынга айткын ушуну.
Мен да жакшы түш көрдүм,
Эритет экен кудайым
Жүрөктөгү музуңду.
Ээн калган көп малдын
Несин аяп коёлу,
Эртеңден баштап эл жыйып,
Эч болбосо
Бир элүү-кырк мал соёлу.
Аябай малды соёлук,
Арты кандай ким билет,
Бир аз той кылып коёлук.
Бай Жакып келди ачуусу,
Башкача кыйын тийиптир
Байбиченин айтуусу.
Мен маңгулдун баарын чаптымбы,
Башынан мынча мал союп
Башкадан дүйнө таптыңбы?
Мен кытайды жеке чаптымбы,
Кырктан бээ сойгудай
Сен кызматтан дүйнө таптыңбы?
Эркек түгүл кыз туубай,
Эмгектен чыгып бел буубай
Мынча малды не кырам?
Мал түгөнүп калган соң
Сенин перзентиңди не кылам?
Бала болсун мал менен,
Аргымак болсун жал менен,
Ар ким ишин кылбайбы
Өзүнө туштук ал менен.
Кеңешип кемпир чал менен
Олтурганда шол жерде
Таңдын сары жылдызы
Чыга келди таң менен.

Жакып байбичеси эч баласы жок туруп, кырк бээ соёлу дегенге ачуусу келип, эшикке чыгып, Бакдөөлөттүн үйү жакка басып бара жатат эле, кулагына куп бир добуш келди:

«Атаке, неге кайгырдың,
Акылыңдан айрылдың.
Алты суу толгон мал кылдың,
Алганыңды дал кылдың».