Аябайм сенден жанымды,
Адашып балам жоголсо
Албаймын дүйнө малыңды,
Азыр ойгот чалыңды!
Бөрүсү бар, түлкү бар,
Бай жандаймын деп жүрүп
Балам кокус жоголсо
Мага да мазак менен күлкү бар,
Аюу менен жолборс бар,
Жолугуп калса кокустан
Аман жанын койбос бар.
Жолукса жолборс албайбы,
Анан менин жолум катып калбайбы!
Качырса каман чалбайбы,
Анан менин кадемим катып калбайбы
Ат байлоодон эригип,
Алжыганың билбейсиң
Ак маралдай керилип.
Кеткен сенин кыябың,
Кемигениң билбейсиң,
Келинден бетер сыягың.
Сенин кеткен атың кубалап
Менин кетилеби туягым?!
Кеби менен курсун деп
Мени кенебей турган сыягың!
Балам кетти кечинде,
Күн батар жакын кезинде,
Артынан барган бир жан жок,
Албайсыңар эсиңе,
Жылкычы бар, койчу бар,
Жыргап жүрөт ушулар.
Төөчү менен уйчулар,
Дөөкүрсүп жүрөт ушулар.
Байбиче болсоң мейлиң ээ,
Баланын баркын билбейсиң,
Баятадан сөз айтсам,
Куруган куу баш кемпирсиң.
Кулагыңа илбейсиң.
Басып барды камынып,
Бай Жакыпка чамынып:
— Жоошураак аттан минбейсиң,
Же жобогонуң билбейсиң,
Бу, жолу каткан куу малды
Ээлөөчүбүз ким дейсиң?
Каргаша болуп атыңыз
Качып кетип жоголду,
Капаланып сен келип
Кантип ишим оңолду.
Капа бойдон сен келип,
Мен кашыңа чыгып теңселип.
Канымжан кылды капаны,
Айтпаган кеби калбады,
Ажалсыз менин жанымды
Азирейил албады.
Артында бала болбосо,
Ак жоолуктуу курусун,
Арылбайт экен арманы.
Таап бер деп келип баламды
Бетимде наарым калбады.
Түн бою кылды урушту,
Түк көргөнүм жок эле
Бул өңдөнгөн жумушту.
Таап берсеңчи баласын,
Талыкшып жатып аласың,
Издесеңчи баласын,
Эринип жатып аласың,
Жакын калды таңыңа,
Жапаа түштү жаныңа.
Кечинде келдиң, жыгылдың,
Кебелбей уктап не кылдың?
Күндүүдөн келдиң, жыгылдың,
Күчөнүп уктап не кылдың?
Арам өлгөн Туучунак
Адырды көздөй кеткенби?
Ат качканы өзүңдөн
Же, сенин ажалың жакын жеткенби?
Доңуз копкон Туучунак
Бу токтобой качып неткени?
Же тоого чыгып кеткенби?
Аны кармайм деп жүрүп
Акымбек уулу жоголду,
Капкайдагы сөздү айткан
Катындан көрдүм чогоолду.
Качкан атты кармайм деп
Баладан көрбөй шоктугун,
Береги катын көрүптүр
Менин перзентимдин жоктугун.
Кайгырып келип жыгылдың.
Кадырың билген киши жок,
Катыным карма деп койбой
Минген ат менен ишиң жок.
Бирөөнүн кууптур баласы,
Эртетеден эсти алып
Бүлүндүрдү анасы.
Таңга жакын түн болду,
Эч көрүнбөйт карасы.
Таппайсыңбы баласын,
Таң эртеңден бер жакка
Даңкайып жатып аласың.
Токолуң кетти кээрдеп,
Береги топоруң келди зээрдеп.