ЖАКЫП, ЧЫЙЫРДЫ, БАКДӨӨЛӨТ ҮЧӨӨНҮН ТҮШ КӨРГӨНҮ
Салкындуунун өзөнүн
Бойлоп келет бай Жакып,
Өлгөн го деп баланы
Ойлоп келет бай Жакып,
Токой койбой, таш койбой
Жойлоп келет бай Жакып.
Алты бөлөк аралды
Арытып Жакып карады,
Ак-Өтөк деген аралга,
Арасында кара суу,
Аттатып өтүп барады.
Арам өлгөн Туучунак
Астынан чыкты табылып,
Ат үстүнөн караса
Ак жолборстун териси
Атында турат жабылып.
Аны көрүп Жакыптын
Акылы кетти жаңылып:
«Баланы жолборс алган го,
Менин башыма мүшкүл калган го,
Балакетке салган го,
Жеп жатканда баланы
Жетик мерген аткан го,
Жеке башым кун берип
Жеримден шорум каткан го,
Жеткирип кунун алсын деп
Бу желмогуз атка жапкан го.
Алганын көрүп баланы
Андис мерген аткан го,
Аргасыздан кун берип
Менин абдан шорум каткан го,
Атынан таанып алсын деп
Атыма тери жапкан го.
Куну курсун, кутулам,
Бейжай экен энеси,
Безеленген эмеси,
Мээнетке шондон тутулам.
Аман экен өз атым,
Алда кандай түн эле,
Кайгы менен түн каттым.
Атым аман табылды,
Табылганы курусун,
Ак жолборстун териси
Кандайлыктан жабылды?
Артынан түшүп кубалап,
Же адашып бала кеттиби?
Же качып келген бул атка
Же кабылан каршы жеттиби?
Качырып кармайм дегенде
Каран калган Туучунак
Муну как жүрөккө тептиби?
Жолборстун боорун бөлгөнбү,
Ат алам деп ак жолборс
Ажалы жетип өлгөнбү?
Өлгөнүн бирөө көргөнбү,
Эрмектеп бирөө сойгонбу,
Ээси таанып алар деп
Атыма жаап койгонбу?
Бу арам өлгүр токтоптур,
Ар тарабын боктоптур,
Нак ушу жердин өзүндө
Таң атканча оттоптур.
Же жолборстун калган эти жок,
Меңдибайдын энеси
Бейжай катын бети жок,
Жатып калган күйүнүп
Же Жакыптын жаман нээти жок.
Же качкан атты карма деп
Балага айткан киши жок,
Атты кандай кууду экен,
Бекер жүрчү шумурай
Мени менен иши жок.
Мээнет тартып, кун берип,
Мендей шордуу киши жок».
Атты алды колуна,
Кайтайын деп жолуна,
Бай Жакып карайт соңуна.
Токойдон чыгып буралып,
Толук жүзү нурланып,
Меңдибай чыгып келгени,
Сабыркап турган Жакыпка
Саламды бала бергени:
— Ай, атаке, Жакып бай,
Кандай жансыз дегени,
Айылга жүрсүз баш болуп,
Кечээ чыктым жолуңдан,
Ыйлапсыз көзүң жаш болуп,
Кандайлыктан ыйлайт деп,
Кара жашын тыйбайт деп,
Как ошондо сурадым,
Кашыңа токтоп турбадым.
Балада мунун ою деп
Майышып ичим бурадым,
Байбиче менен сүйлөшүп,
Үйүңө кирип суладың.
Астыңдагы Туучунак,
Ат байлар киши жок болуп,
Турбады атың токтолуп,
Чылбырын сүйрөп бош басты,
Чындап качып кыр ашты.
Кыр ашкан атты тозом деп,
Кубаласам озом деп,
Кунан менен чү дедим.

