Дүнүйө арбын, чала жок,
Жүрөсүң ыйлап бала жок,
Кургатпайсың жашыңды,
Кулдар бийлеп жүрбөйбү
Куураган малың менен башыңды
Малың бар да, элиң жок,
Байкап турсам, өзүңдүн
Эл суроого эбиң жок,
Сыңар жанга жол айтып
Кубандырган кебиң жок.
Байбиче сөзүн кылсаңчы,
Малды аябай кырсаңчы?!
Бала десем карысың,
Пайдасы жок тарыйсың,
Тарыган экен пейлиң деп,
Талаада калды кебим деп,
Тагдыр ажал бир келсе
Табылар сенин эбиң деп,
Таарынсаң мейлиң эрим деп
Бакдөөлөт токтоп калганы.
Ачууланып бай Жакып
Байбиче үйүн бет алып
Басып жана барганы.
Астынан чыкты Канымжан:
— Бай Жакып сизге не болду,
Менин балам кайда жоголду?
Таппайсыңбы баламды,
Ат куудуруп издебей,
Көрбөдүм сендей адамды?!
Кечетеден балам жок,
Көөнүмө салдың алаңды.
Ач албарс * кылыч миздебей,
Ак бараң* атсаң түздөбөй,
Алигиче баламды
Артынан кууп издебей,
Айтамын Жакып атыңды
Аке дебей, сиз дебей.
Баланын баркын билбеген,
Малайын сөгүп тилдеген,
Кулундун баркын билбеген,
Кулдарын сөгүп тилдеген
Куубаштыгың билинди,
Кадырын билбей баланын
Какбаштыгың билинди,
Кандай болду балам деп
Кара боорум тилинди.
Чыканак жерге салбадым,
Чырым уйку албадым,
Чыгып күндүн калганын.
Курама кыргыз көп болду,
Курган кандай кеп болду?
Калкымда казак көп болду,
Кандай курган кеп болду?
(Какылдабай турабы,
Катындыкы да эп болду).
Анда Жакып муну айтат:
— Бу кургурдуку эп болду.
Кой деген жакшы мал экен,
Койчунун аты бар бекен?
Уй деген улук мал экен,
Уйчунун аты бар бекен?
Ат кеткен жөнүн билейин,
Алып келчи минейин.
Сакалымды тарайын,
3аңкылдатып олтурбай
Мунун баласын издеп карайын.
Ат куудурган баласын,
Бу баласын таппасак,
Бизге коёт экен жалаасын.
Койчунун коңур күрөңүн
Токунуп Жакып миниптир,
Тозоңу жок, чаңы жок,
Карааны жок, изи жок,
Же кабарын билген киши жок,
Тоодой болгон бай Жакып
Томсоруп жолго кириптир.
Адыр-адыр бел менен,
Аркар баскан жол менен,
Будур-будур бел менен,
Бугу оттогон жер менен,
Булуңдуу токой чер менен
Шумурай бала нетти деп,
Арам өлгөн Туучунак,
Кайда качып кетти деп,
Куу баланын мингени,
Кунан бекен, тай бекен,
Кууса кайдан жетти деп,
Же токтолорго жери жок,
Мунун жоголорго эби жок.
Караңгыда баланы
Качырып каман чалдыбы,
Мени кара басып кун берип
Кадемим катып калдыбы?
Жолдон жолборс алдыбы,
Жолум катып кун берип
Менин шорум куурап калдыбы?
Нардай боздоп, каңгырап,
Ай талаада Жакып бай
Меңдибайлап заңгырап,
Кыйкырыгы баш жарып
Кырдап келет бай Жакып,
Кызылдай жанын бу күндө
Кыйнап келет бай Жакып.
Кызыл аяк неткен деп
Ыйлап келет бай Жакып.