Кулакка келди бир добуш,
Куп тыңдаса эр добуш.
Көрүнбөдү көзүнө,
Элең-селең караса
Билинбеди өзүнө.
Кеткеним болбойт экен деп
Кемпири түштү эсине.
Кайра басты бай Жакып,
Жаш имерди көзүнө.
Артынан чыгып Бакдөөлөт
Жакыптын келди өзүнө.
— Байкасам, байым, түш көрдүм,
Башкача сонун иш көрдүм:
Боз ала туйгун — боосу жез,
Боору кара, мойну кез,
Оң колуңа алыпсың,
Обону көздөй салыпсың,
Сол колуңа алыпсың,
Сонону көздөй салыпсың.
Бөпөлөдүң, үндөдүң,
Талпынып конду колуңа.
Салганыңдын баарысы
Далдайып жатты жолуңа.
Байбичеңдин үйүндө
Балдагы алтын туурда
Баса конбой талпынат,
Канатынын куусуна
Канча жандар чарпылат.
Куп айтамын жалган жок,
Куу кемпир куру калган жок.
Туурдагы туйгуну
Турна моюн, жез канат,
Тумшугу болот, боо манат *,
Үйдөн туруп талпынса
Үйүмдөгү эки куш
Кайра качып жалтанат.
Ушу кандай түш экен,
Баркырады бай Жакып
Балага чукак киши экен:
— Көргөн болсоң түшүңдү
Оңдосун кудай ишиңди.
Бүгүнкү түнүң кандай түн,
Кечеги күнүм кандай күн?
Кечеги түштү оюма,
Такатым турбай боюма,
Ар неме кирди түшүмө,
Айран болуп турамын
Кемпирдин айткан ишине.
Арбыныраак мал союп,
Жорутсак белем бул ишти?
Аны айтып бай Жакып
Бакдөөлөт үйүн бет алды,
Жанашалап Бакдөөлөт
Бай Жакыпка кеп салды:
— Не аяйсың, абышка,
Бу ээн калган көп малды?
Байбиче айткан кеп экен,
Байкап турсам айтканы
Баарыбызга эп экен.
Кана, кабарын мен да угайын
Канча мал сойгун деди экен?
Ачууланды бай Жакып:
— Байталдан сойгун кырк деди
Баарын бирдей жык деди,
Байбиченин сөзү ушул.
Малдан тойгон кези ушул.
Сен да айтасың сойгун деп,
Бу соолуп калган кандай кеп?
Малды бакса сан болот,
Малдуу киши хан болот.
Менин мал союуга оюм жок,
Же бала көргөн тоюм жок.
Бу ишиңден кыйын жок,
Же бир түшүрүп жаткан жыйын жок,
Мен эл ээси эмес, мал ээси,
Бекер минтип кырган соң
Бизге да болор мал кээси.
Кебиңди, катын, албаймын,
Кейишине малдын калбаймын,
Кетсе дөөлөт колумдан
Анда кедей болуп зарлаймын.
Муну айтып бай Жакып
Буруп жүзүн алганы,
Буркурап ыйлап Бакдөөлөт
Капшытынан кармады:
— Кырк байталды сой десе
Кысынган экен байбиче.
Бакдөөлөт билген кеп болсо,
Байым, сага эп болсо
Сексенди союп сел кылып,
Коногума чакырып
Сегиз уруу эл кылып,
Арбытпас белем ашыңды,
Майлабас белем * башыңды,
Эстебейсиң, билбейсиң,
Элүүгө келген жашыңды.