Ага конорго туур жайлапмын,
Алача моюн ак шумкар
Ага кошо байлапмын.
Билдим бир жакшылык болорун
Кара жором жоруңар
Канаты күмүш ак туйгун
Качан келип конорун!
Байбичем байкуш түш көрүп,
Башкача сонун иш көрүп,
Алма жеп ичи толуптур,
Артынан чыгып ышкырып,
Алтымыш кулач ажыдаар
Ат ордуна болуптур.
Ал эмине болучу,
Акылмандар олтурсуң,
Бу түшүмдү жоручу?
Жана токолум сонун түш көрүп
Үйүндө эки куш көрүп,
Боору кара, мойну кез,
Болот текөөр, боосу жез,
Капшытка туур жайлаптыр,
Катыным экөөн байлаптыр.
Бул эмине болучу?
Бул түшүмдү жоручу?
Баянын айтып бай Жакып
Байкаңар деди карылар.
Жакшылап түштү жоручу,
Жакынымсың баарыңар.
Жакып бай айтып токтолду,
Жар жоронун * баарынан
Жалгыз жооп жок болду.
Сакалдарын тарашып,
Бири-бирин карашып,
Айталбады бир сөздү
Акылынан адашып.
Аш кайнамдай токтолду,
Ага чейин кыңк этип
Айтууга киши жок болду.
Аш кайнамга жеткенде,
Алардын шайы кеткенде
Байжигит кепти баштады:
— Эй, Бердике менен Дамбылда,
Белгилүү чечен Таз элең.
Бай Жакып түшү түш экен,
Бул оңунан келген иш экен,
Ушу түшү чын болсо
Ойротту баскан киши экен.
Куш болгондо баладыр,
Азыр бала жогунан
Бай Жакып көөнү аладыр.
Ай тийген жердин баарысын
Алат экен балаңыз,
Андан тынсын санааңыз!
Күн тийген жердин баарысын
Күтөт экен балаңыз,
Күндө тынып санааңыз!
Алтымыш кулач жибек боо
Аягына такканың,
Ай мунарын жем кылып
Азем менен бакканың —
Алтымыш жашка чыкканча
Аким болуп журт сурап,
Алат экен дүйнөнү,
Арбак конуп башына
Аны алда таала сүйгөнү.
Ажыдаар ат кылып
Байбичең минип жүргөнү —
Шол баланын орою
Дүнүйө жүзүн сүргөнү.
Ажыдаардай айбаттуу,
Арыстандай кайраттуу,
Эркек уул, эр болуп,
Не кыйындын баарысы
Эсеп берип, эл болуп
Карайт экен көзүнө,
Кара тоодой касиет
Конот экен өзүнө,
Балаңыздын орою
Көрүнгөн экен көзүңө!
Бай Жакып боздоп ыйлады
Байжигит айткан сөзүнө,
Байлап койгон акшумкар
Жакыптын келди эсине.
Карчыга болсо эр деди,
Акшумкар кошо байладым,
Муну да жоруп бер деди.
Сууктун күнү кыш деди,
Шумкар болсо кыз деди.
Эр Жакып эми эстеди,
Эрке токол Бакдөөлөт
Жоругун түшүн тез деди,
Бакдөөлөттүн үйүнө
Байланган эки куш деди,
Муну байкаңар кандай иш деди.
Дамбылда туруп кеп айтат:
— Баракелди, Байжигит,
Куп жоруду деп айтат.
Бакдөөлөт туур эки уул,
Баштагы сөзгө бакканда,
Баянын айтсак мына бул.
Айтылгандай борумун,
Алат экен ал экөө
Агасынын орунун,
Көкүрөк черин жазгандай,
Көрүптүрсүз үчөөңүз
Дүйнөдө түштүн сонунун.
Бата берип тарады,
Барар жолун карады.