Ат чабар жерин караса
Текшигердин талаасы,
Базар кылып турганы
Темиркандын калаасы.
Байгесинин башына
Төрт жүз жылкы, үч жүз уй,
Төөдөн жана жүз болду,
Ат чабар жери түз болду.
Мындай тема оригиналда жок.
Байге сайды кеңешип
Как Төтөнүн белине,
Ат алдынан чыкпа деп
Жар салды жалпы элине.
Эң аягы байгенин
Эки жылкы, бирден төө,
Ээлигип барып бир адам
Болбосун деди ат сүрөө.
Кырк атка байге сайылды,
Текес кандын кызыл туу
Кырга койду токтотуп,
Асабасы жайылды.
Маңкан менен Кордойду
Басып өтүп барсын деп,
Эчки-Өлбөстүн тушунан
Коё берип салсын деп,
Чоң күлүк байге алсын деп,
Чобуру куру калсын деп
Ат чубатып болуптур,
Аттын санын караса
Тогуз жүзгө толуптур.
Токсон киши шол элден
Ат айдоочу болуптур.
Көтөрмөчү жок болду,
Көңкү журттун баарысы
Көк жайыкка токтолду.
Эки күн ары айдасын,
Эл ашыкпай жайлансын.
Үчүнчү күн болгондо,
Келип алсын байгесин.
Атты жолго салганы,
Алты жүз кара, он миң кой
Тейиш кан жыйнап барганы.