Ургаачыны жыга албай
Үшүм кандаи кетти деп,
Кызга кокус алдырсам
Кылым угар кепти деп,
Ачууланып эр Манас
Жаканы көздөй кол сунду.
Жаалданып Сайкал кыз
Ай балта менен озунду.
Ай балта башка чабылды,
Оң колунда танабы,
Калканы башка жабылды.
Манасты башка чабам деп
Калканды чаап катыптыр,
Сол колу менен эр Манас
Ай балтасын алыптыр,
Оңолбогон катын деп.
Оройдон ары салыптыр.
Кызга калкан жабылды,
Болотко болот чагылды,
Жан жагына караса
Кызарган жалын жагылды.
Жалын чыкты дүркүрөп,
Алиги көргөн Сайкал кыз
Жаалданып күркүрөп.
Калмактын Сайкал балбаны
Кабылан Манас баланы
Оң далыдан алганы,
Ат күчүнө салганы,
Оодара тартып алууга
Ойлонуп Сайкал калганы,
Сарыбуурул Керкөкүл
Санына аттын салыптыр,
Сандыргалуу Манасты
Эңкейтип аттан алыптыр,
Ээрден көтү кылтайып,
Үзөңгүдөн бут тайып,
Оодармакка Сайкал кыз
Ойлонуп ону алыптыр.
Ошонгуча болбоду
Акбалтанын Чубагы
Октой атын чуратып,
Ортого жетип калыптыр.
Эңиш эмес, сайыш деп,
Жанчышып боюң салыш деп,
Сайкал минген Сары атты
Башка кагып өткөнү.
Сайкалдын Сарыбуурулу
Жалт этип үркүп кеткени.
Кыз да болсо Сайкалды
Кылым журт көрүп таңданды.