Мен барам деп чыга албай
Камалашып калганы.
Он жетиде жашы бар,
Башында тулум чачы бар,
Сары буурул аты бар,
Сайкал чыкты каркыбар,
Беттешкенди мерт кылып
Кетсем деген дарты бар.
Жоого кийчүү жарагын,
Баарын кийди карагын.
Карыпчы * менен кыягы *
Кыз да болсо капырай
Каармандай сыягы!
Туулга * менен калканы,
Туюк болот, көк темир
Тула бойго салганы,
Тогуз кулач найзасын
Толгоп алып майданга
Токтолбой жүрүп калганы.
Мейли кыргыз, сарты деп,
Өтүп кетти дарты деп,
Өкүнүчтө болбо деп,
Өлтүрө сайышты ойло деп,
Айдаркан айгай салыптыр.
Бул эмине сөзү деп
Атпай журт айран калыптыр.
Жекесан * бутта чойкоюп,
Желектүү найза койкоюп
Кыз Сайкал туруп алыптыр.
Кана, талапкер болсоң, чыгыңар,
Бу даңкайган күңдү жыгыңар.
Эрендер болсоң, чыгыңар,
Бу эсирген күңдү жыгыңар.
Катындан эркек качарбы,
Атаа кара мындай басарбы?
Уккан, көргөн баары айтты,
Уламалуу кары айтты:
Ушу кызды көргөндө
Текестин журту тек деген
Атасы доотай-бек деген,
Кара чоктуу калмактын
Кандай кыйын баатыры
Кармашып алы жетпеген.
Жаңы быйыл келди дейт,
Жаңы он жети жашка дейт,
Баатырлыгы, күч менен
Бу жүргөн жандан башка дейт.
Өчөшүп чыккан капырга
Өлөмүн деген барбаса,
Өзгө киши не барсын?