Жонунан алган Манасты
Кармаган бойдон капыр кыз
Калабаны баштады,
Сандыргалуу төрөнү
Акбалтанын Чубагы
Сол ийнинен жөлөдү,
Акбалта уулу болбосо
Алып кете таштады.
Дого деген бир казак
Тобунан чыга чапканы,
Ал кыз Сайкалды жактады:
Кызыталак кыргыз деп,
Жанчышканың бир кыз деп,
Эсердин бирөө экенсиң.
Экөөлөп неге кетесиң?
Эр Дого айтып салганы.
Эңиш эмес сайыш деп,
Сайбай эңем дегени
Санталак казак кай иш деп,
Акбалтанын Чубагы
Ачууланып Догонго
Айтып турду бу дагы.
Казактан чапты Айдаркан,
Кыргыздан чапты Бакай кан:
Кокус уруш болот деп,
Элдин баары жарактуу,
Койгулаша кетишсе,
Коктуга каны толот деп.
Калыс бол деди Тейишти,
Тейиш келип кеп айтат,
Коюңар деди кейишти.
Жанчышкан эки бала деп,
Намыстанба ага деп
Тейиш кан сүйлөп салганы,
Абаң Бакай, Айдаркан
Макул кеп деп калганы.
Айрып Манас баланы,
Сайкал сайган найзанын
Шыпырып салып түпөгүн
Жылдырып сууруп алганы.
Суурулган жерден кан кетти,
Жаман жара экен деп
Көрүп кыйла жан кетти.
Эти ачынып алыптыр,
Эринбей турган эр Манас
Ичи күйүп калыптыр.
Оржемил деген дарысын,
Жутуп алды баарысын.
Аккан каны басылып,
Айнектей көзү ачылып,
Каары бойдон чачылып,
Оңдоп алган кыягы,
Ачууланып бу Манас
Оңдурбастай сыягы.