Мына бул келген кой деди,
Эки конуп жатасыз,
Коногуңа сой деди.
Алты жүз кара мал деди,
Ачыгып кетип баратсаң,
Андан да союп ал деди.
Кырга жылкы айдатып,
Кызматкерди даярдап,
Кырк миң бээни байлатып,
Кымызды көлдөй жайнатып,
Ат айдалды, эл калды,
Ар өнөрдөн не калды?
Тогуздан кара жайлатып.
Башына төө байлатып,
Балбан болсо чыксын деп,
Күчү артыгы жыксын деп,
Ортого күрөш салсын деп,
Ошондой кылды жарлыкты,
Тейиш кан кылды бардыкты.
Казак, калмак бөлүндү,
Байкап деген балбаны
Казактан чыгып калганы.
Жаңы тууган болдук деп,
Биз күрөштү койдук ден
Калмактар жатып алганы.
Окчо кыргыз уругу*
Ыспаранын улугу
Көкжору чыкты бу жактан,
Баскан бойдон байпактап
Байкап келди тыяктан.
Майданда күрөш салганы,
Барган жерден Көкжору
Башынан үч айлантып,
Көтөрүп уруп алганы.
Казак, калмак бир болду,
Кандай күчтүү булар деп
Көңүлдөрү кир болду.
Балбан чыкпай токтолду,
Баатыр сайыш салсын деп
Башчылардан жооп болду.
Казак менен калмагың
Кайраттуусун кармагын,
Намыс алып азыр бир
Калмак, казак болмокко,
Ызалыкка чыдабай
Жакын калдык өлмөккө.
Казак, калмак биригип
Айгайды антип салганы,
Намыстанып калганы,
Кандайсың деп бир бирин
Каштарына барганы.