Тотунун Токон эри бар,
Набаттын Акунбеги бар,
Каракалпак Бердике,
Каңгайлардан Келдике,
Өзүбектен Дамбылда,
Өткүр чечен Абдылда,
Чымыр кара Бообек бар,
Чынарстандын Шаабек бар,
Жайсаң, Ботпай, Шүкүр бар,
Жалтанбаган баатырлар,
Жайын кийин билип ал.
Кыпчактардан Көкбөрү,
Кыргыздардан Жүгөрү,
Кызайлардын Байкабы,
Кайсы бирин айталы.
Баштап Манас алганы,
Каркыранын оюна,
Кара суунун боюна
Кайнап түшүп калганы.
Конуш кылып Аралды,
Атып бугу, маралды,
Жата турсун жай алып,
Таңшаң тоого таянып.
Аны таштап салыңар,
Кер-Көлдө Орго каныңар,
Кебин угуп алыңар.