Аксаргыл атты чуратып,
Артынан чаңды буратып
Майданга Манас барыптыр,
Аны көрүп акырып,
Зубундап ураан чакырып,
Сайкал жөнөп калыптыр.
Мурунтадан бу Манас,
Ач көз тууган куу Манас,
Сулуусуна суктанып,
Сундурган найза бош салып,
Кызылына кызыгып,
Жараттуу кылбай алсам деп
Кыраандын көөнү бузулуп
Аяп жүргөн эр Манас
Ачуусу келди ушунда,
Жоо аяган жаралуу,
Жара түшкөн тушунда.
Сайкал, Манас жетишти,
Жанчышып өтүп кетишти.
Көөдөнгө найза такашып,
Шилекей жутпай чакашып,
Эки сапар сайышып,
Эсен өтүп алышып,
Эрегишип калышып,
Эми Манас баланын
Оң көзүнөн от чыгып,
Сол көзүнөн чок чыгып,
Жаалы чыгып сөзүнөн,
Жалыны чыгып көзүнөн,
Астындагы Аксаргыл
Атка кылып өкүмдү,
Эмине үчүн бу карды *
Албадым деп өкүнүп,
Манас да жөнөп калыптыр.
Ат күчү менен өз күчү
Сайкалга каршы жеткени,
Жаалданып эр Манас
Төшкө найза неткени.
Тоодой болгон Сары аттын
Дөөкүрсүгөн Сайкал кыз
Соорусуна кеткени:
Төшүнө найза кагылып,
Көзүнөн оту чагылып,
Эсинен Сайкал жаңылып.
Ачууланган Манастын
Азыр жыгар жайы жок.
Бир сайганда жыкпады,
Мингенинин шайы жок.