Алтын ээр кашы деп,
Как жүрөктүн башы деп.
Найза тийди төшүнө,
От чагылды баатырдын
Ошол жерде көзүнө.
Бирин бири сайышып,
Минген аты майышып.
Эки жактан эки журт
Айырып кетти бөлүшүп,
Эстүүлөрү чочуду:
Албагай эле шол жерде
Кокус бири өлүшүп.
Кайра тартып калышты,
Каңкор Манас, Сайкал кыз
Катуу кылды намысты.
Каңгайлап ураан салганы,
Кабылан Манас баатырды
Качырып келип калганы.
Бай Жакып деп бакырып,
«Манастап» ураан чакырып,
Каарданып Манас жетиптир,
Кыйкырган бойдон кыз Сайкал
Кыраанга найза нетиптир,
Оң колтугун жырганча
Аркасынан Манастын
Оркоюп чыгып кетиптир.
Карыга тийип калыптыр,
Карчыты менен чарайна ,
Кыягын үзүп салыптыр.
Сынып кетип кыягы,
Жыгылгандай сыягы.
Ат жалдашып алыптыр.
Кармашкан бойдон эки дөө
Жанашалап жарышып,
Тай чабым жерге барышып.
Сандыргалуу Манастын
Колтукта найза короңдоп
Тепчилип калып сороңдоп.
Сол колу менен бу Манас
Ойрон болгон Сайкалды
Оң капшыттан кармаган,
Канча тартса Манаска
Колуна Сайкал барбаган.
Оң колу менен бу Сайкал
Ойрон Манас баланы
Омуроодон алганы,
Калкан, соот жарагы
Чыгып калды далдалы.