ТЕЙИШ КАНДЫН ТОЮ. МАНАСТЫН КЫЗ САЙКАЛ МЕНЕН БЕТТЕШКЕНИ
Бээжинге салып бейпайды,
Каканга салып каранды,
Кырмустун элин кыйраткан,
Дүбүрөнү түгөткөн,
Ойроттун баарын жүдөткөн,
Алтайдан келип биздерди
Атышпай туруп жадаткан,
Куяс менен Текести
Акыретке караткан
Өлтүрүп Манас каныны,
Наамандыктын баарынын
Тынчытайын жаныны.
Оюндан окус кылайын,
Ногойдун журтун кырайын!
Кыйынын окус кылайын,
Кыргыздын журтун кырайын!
Муну ойлонуп кыз Сайкал
Сарыбуурул тулпарга
Санына камчы салганы,
Сарала байрак найзаны
Колго имерип алганы,
Каары катуу Сайкал кыз
Сандыргалуу төрөнү
Жанчмак *үчүн барганы.
Астындагы Аксаргыл,
Арстан Манас баатыры,
Атка камчы салганы,
Астын тосуп Сайкалдын
Качырып Манас барганы.
Карап көрсө кыз экен,
Как сулуунун өзү экен.
Жазы маңдай, жайык төш,
Кобул мурун, көөхар көз,
Жүзү нурлуу, инжи тиш,
Кандай болду ушул иш.
Кабылан Манас ойлонду:
Катуу сайсам нетер деп,
Кокус өлүп кетер деп,
Өзүм алчу кыз экен
Өлүп кетер бекер деп.
Оң далынын мүрүгө
Оңдоп найза салганы.
Оңолбогон Сайкал кыз,
Кагып ийип найзасын,
Кабылан Манас баатырга
Найза шилтеп калганы.
Найзасын колдо түздөдү,
Арстан Манас баланын
Өлөр жерин издеди.

