ТЕЙИШ КАНДЫН ТОЮ. МАНАСТЫН КЫЗ САЙКАЛ МЕНЕН БЕТТЕШКЕНИ
Айбаты катуу капырга
Ажалы жеткен барбаса,
Асты киши не барсын!
Казак, калмак төрт жүз миң,
Камалышып турду тим.
Сарт, кыргызы төрт жүз миң,
Сайышууга жан чыкпай
Сабыркашып турду тим.
Бердике менен Акбалта
Бердиңер деп намысты
Бекем айтты бу калкка.
Бай баласы Бакай бар,
Бакылдады күүлөнүп,
Катындан качкан не жорук?
Туубай кал деп сүйлөнүп.
Канча киши укпады,
Камалды, коркту, чыкпады.
Шашкеде кирди майданга,
Чак түш ооп болгунча
Жан барбады Сайкалга.
Эч ким чыкпай койгон соң,
Байгесин алып бакырып,
Казак менен калмагы
Кайта турган болгон соң,
Туруп Манас кеп айтат:
Туубай калсын баарыңды,
Сайыштырып катынга
Кетирдиңер арымды.
Ар канча баатыр болсо да
Аты го деп ургаачы.
Аксаргыл атты алып кел
Абаке Бакай, турбачы,
Ар канча кыйын болсо да
Алармын сайып акыр деп,
Аксаргылды ээрдеп
Алып келгин баатыр деп,
Бар жарагын байланып,
Жоо жаракты шайланып,
Кайра жаачу булуттай
Каары жүзүнө айланып,
Аксаргыл минип болкоюп,
Накери * кийип чойкоюп,
Сыр найза колдо койкоюп, .
Сырттан Манас жөнөлдү.
Кыз Сайкал эми кызыкты:
Ар тарапты кыйраткан
Арстаны бу деген,
Кылымдын баарын караткан
Кыйын эри бу деген,
Бу беттешкен пенденин
Катыны калат тул * деген.

