ТЕЙИШ КАНДЫН ТОЮ. МАНАСТЫН КЫЗ САЙКАЛ МЕНЕН БЕТТЕШКЕНИ
Арачылар бу сөздү
Абыдан макул алышты,
Атын алып Сайкалдын
Арстан эрге барышты:
Көктүк кылба баатыр деп,
Көжөлбөгүн акыр деп
Көпчүлүк сүйлөп салышты.
Анда Манас муну айтат:
Айтууңарга көндүм деп,
Тартууңарды көрдүм деп
Калмактарга карыя
Карача байга бердим деп.
Атын берди өзүнө,
(Аңдап көргүн эрлердин
Ашепке жок сөзүндө),
Андан кийин кыз Сайкал
Арстан Манас баатырдын
Көрүнбөдү көзүнө.
Нак ушуну алсам деп
Манастын кетти эсине.
Эл тарады, кеч болду,
Конок болор кез болду.
Конок болуп алышты,
Койдой чуулап көпчүлүк
Кош-кошуна барышты.
Түндүгүнө бээ союп,
Түштүгүнө тай союп,
Жагынага * кой союп
Жатып калды көпчүлүк.
Эртеси эңиш салышып,
Эки жүз балбан чыгарып
Эрмек кылып алышып,
Ортодо оюн салышты,
Ошо күнү кечинде
Ат келет деп калышты.
Көңкү журт калган токтолуп,
Көтөрмө-сүрөө жок болуп.
Эртеси жок кечинде,
Кечки салкын бешимде
Агыястын чатынан
Аттын чаңы көрүнүп,
Манастын аты Аккула
Маралдай чуркап бөлүнүп.

