АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Анжыяндын башы бар,
Аңдап көргүн жакшылап
Сай тулпарды байлатып
Акыр кылган ташы бар,
Аппак таштан үйдүргөн,
Ат акыр кылып койдурган.
Калмактан алып буудайын,
Кас буудандын* баарысын
Жемге байлап жудайын,
Алты ай тынчтык алыптыр,
Анжыяндын шаарынан
Кытай, калмак баарысын
Айдап кууп салыптыр.
Алооке кандын калмагы
Жылып качып астыртан
Жыл маалына калбады.
Уруш-талаш, бүлүк жок,
Атылбаган замбирек,
Жазайыл мылтык жана топ.
Жыл маалына жеткенче
Жалгыз калмак калган жок.
Кеткендерин кетирип,
Келгендерин келтирип,
Алооке Манас айкашып,
Жата турсун жайкашып.
Алооке деген кан чыккан,
Манастан мурун байкасаң
Айбатынан жан чыккан.
Асили болгон кытайдан,
Аскери болгон канча сан*,
Кара кыргыз, казактан,
Калк кутулбай азаптан,
Түтүнүнө бир киши
Баштан алган алымды,
Падышадан ким көргөн
Бул өңдөнгөн залимди?
Бошонду казак, кыргызы,
Болгон экен ал элдин
Артыгыраак ырысы.
Алоокенин мойнуна
Артылды кылган кылмышы.
Кылмышы эмей неткени,
Кылым журт колдон кеткени.

