Сойлогон жери коо болду,
Барганы Соктун тоо болду,
Тоого барып жоголду,
Ажыдаар сокту деп,
Сок атагы шо болду.
Алооке жыйган үстүнө
Алты жүз миң көп колду,
Урушарга ниети бар,
Ошондой иш көргөн соң
Алооке аты жоголду.
Урушуп үшүм келбес деп,
Ушу дүйнө жыйылса
Бу Манасты жеңбес деп,
Атышып алым келбес деп,
Ааламдын баары жыйылса
Акыры муну жеңбес деп,
А көрөкчө Манаска
Катылбастан калайын,
Караттым дүйнө далайын.
Канга забын болбостон
Кайтарып жолго салайын,
Катарлаш турсам тим койбос,
Кара жаным куткарып
Каканды көздөй барайын!
Наамандын жери Түркстан,
Айныдым мында жүрүштөн.
Эки атам өткөн анда экен,
Эсендик тилеп өзүмө
Каспан шаар Туңшага
Качсам керек деди мен.
Ою терең Алооке
Ойлоноюн иш деген,
Ар түрлүү санаа ой ойлоп,
Амандыгын издеген.
А күнү туруп Манасты
Коносузбу сиз деген.
Эли-жоосун байкабас,
Эрдиги артык, акылы аз,
Баатырлык менен күчүнө —
Өз боюна болгон мас,
Кономун деди баатыры,
Конок ашка Алооке
Даярланды акыры.
Саясы салкын терек бар,
Сандыргалуу Манаста
Салтанаттуу Серек бар:
Алооке кылар конокту,
Алоокеден аш жесең
Арбыттыңар дүмөктү.