АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Аш жегенди коюңар,
Малынан алып союңар,
Өзүңөр колго бышырып,
Өлчөө менен тоюңар.
Ал сөзүн макул алганы,
Абакеси эр Бакай
Алоокенин мойнуна
Алты бээ, төрт өгүз
Он мал салык салганы.
Тандап туруп семизин,
Алып калды сегизин.
Семиз малын союшуп,
Сексен төрт киши ушулар
Чала-була тоюшуп,
Кызмат кылган калмакка
Кыйласын берип коюшуп,
Жатты жайлап конушуп.
Кытай жатты жайына,
Өзү билген заң менен,
Эрте туруп Ажыбай
Азан айтты таң менен.
Азандын үнүн угуптур,
Адамдын баары туруптур.
Алты дуу-дуу ээрчитип
Азыр келди Алооке
Арстан эрдин үстүнө.
Таазым кылып киреди,
Душманыңмын мен деди,
Душман да болсом жан кыйбай
Амандык бергин сен деди.
Катылбадым, карадым,
Тынччылыкты кааладым.
Ары-бери карадым,
Алышар алым калбадым.
Күрөшөргө күчүм жок,
Жүдөп жаным сурандым.
Жүрөгүмдө бүтүн жок,
Ар кандай айтсаң көтөрдүк
Амырыңа чара жок,
Амандыкты өтүндүм,
Анжы, Манжы, Таңшанды
Караган менен кара жок,
Кайратым бойдо калган жок,
Чын айтамын, жалган жок,
Чыр кылар шайым калган жок!
Ушу Анжыян жериңе
Уруксат берсең жердедим
Уруксат сизден жок болсо
Узак жол издеп дегдедим.

