АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Алты миң киши тим баткан
Саябандуу чатыры,
Аргымак, бедөө ат минип,
Он эки миң санаты,
Ордо багар баатыры,
Олтурган экен Алооке,
Ушу жалган дүйнөгө
Алдырбастай акыры.
Кыя тартпай тик барган
Кыргыздын Манас баатыры!
Манастын жайын айталык
Баштай түшүп кайталык:
Себилдүүсү сексен төрт,
Серп салган жагы кызыл өрт,
Бешке белги төрт болуп,
Бет алган жагы өрттөнүп,
Карала байрак, сыр найза,
Карылыкка салгандай,
Ажыдаар — жыланы
Артынан сойлоп калгандай,
Көсөө куйрук көк бөрү —
Көк жал эрдин жөкөрү —
Көтүнөн ээрчип алгандай,
Асман жаккы айбаты
Алп кара куш арбайып
Асмандан бутун салгандай,
Кара башыл ак буура
Оң капталдан туптуура
Калжаң уруп качырып
Кабактан чыга калгандай.
Каршы алдында көрүндү
Кара чаар жолборсу —
Кайып эрен — кырк чилтен
Каңкор эрдин жолдошу
Кырк чилтендин бирөөбү
Ажыдаар болуп сойлошуп,
Кабылан бири, бири шер,
Кашында бар сексен төрт,
Бири миңге тийген эр.
Чилтендин бири куш болуп
Алоокени алчудай
Асмандан бутун салыптыр,
Чагарак куйрук, чаар тон,
Чамынганы соо болбос,
Шаңын көрсө сур жолборс,
Кырк чилтен болгон боо жолдош,
Кыраан Манас баатырга
Кылапат айткан жан оңбос.
Аяр экенАлооке,
Алыстан көзүн салыптыр,
Айбатын көрүп баатырдын
Айран азыр калыптыр.

