Астында бар жыйырмасы,
Андис баатыр жыласы,
Арстан Манас жолдошу,
Атканы жазбас жолборсу,
Ата турган баштанып
Бетине мылтык алыптыр,
Кароолго көзүн салыптыр,
Кан Алооке бет алып
Каптап кирип барыптыр.
Арт жагында жыйырмасы,
Ашкере баатыр жыласы,
Мубакүлдүү сыр найза
Манасын көздөй сундуруп,
Добушу кулак тундуруп,
Оң жагында жыйырмасы,
Ойротту бузган жыласы,
Кылычын жалаң алыптыр,
Чаба турган баштанып
Оң колдорун көтөрүп
Чакчайышып калыптыр.
Сол жагында жыйырмасы,
Жоо бөрүсү жыласы,
Саадагы бала белиндей,
Зардабы сырттын желиндей,
Оройпо* огун чалыптыр,
Жаа тартуучу немедей
Жандап жүрүп калыптыр.
Асты жагын караса
Алты жасоол жол баштап,
Орто жерде Кула атын
Он эки жайсаң бош коштоп,
Жети желдет желдирип,
Жол ачкын деп бош-боштоп.
Добул согуп күңгүрлөп.
Тоо көчкөндөй дүңгүрлөп.
Толкуган көлдөй шарданып,
Токтолбостон жарданып,
Айбатын көргөн адамдын
Акылы кетип, таңданып.
Арстан Манас барыптыр,
Айбатынан чыдабай
Алооке сындуу зор пааша
Тагынан түшүп алыптыр.
Коомасын айтып кол берип,
Чатыр жакка жол берип,
Баштап калды баатырды,
Баатырга тикти чатырды.