АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Түп Бээжин жаткан жериңиз,
Түмөн кытай элиңиз.
Бабам өткөн жерибиз,
Байкасаң ушу кебибиз.
Башкы балаң Боокени
Мага жолдош бериңиз!
Ак үйлүүгө алганым,
Ал сөзүмө көнбөсөң
Азыр бүгүн башыңа
Акыр заман салганым!
Коңгуроолу бай деген
Бир агаңыз бар экен.
Абыш аттуу уулу бар,
Айтканымды угуп ал.
Кошабышын бериңиз,
Кошабышты бербесең
Койгулашар жериңе
Колуңду курап келиңиз!
Бергин Бооке балаңды,
Бербес болсоң балаңды
Түптүз кылам калааңды!
Көчүп алып тез жогол,
Көргөзбөгүн караңды!
Өлөм деп билсең кообуңду
Атышар болсоң колуң жый,
Азыр бер деп жообуңду
Күчөдү Манас күркүрөп,
Жаалына чыдабай
Алты дуу-дуу, Алооке
Оно бою дүркүрөп.
Кошабыш, Бооке келгени,
Кой баатыр, урушбаймын деп
Кошуп экөөн бергени.
Алооке уулу Бооке экен,
Атканын жазбас мергени.
Кошабыш деген эр экен,
Кошу болсо, кол болсо
Э дегиче аскерди
Эсебин алчу неме экен.
Баласы менен анысын
Баатырга кошту Алооке,
Баркын кийин билерсиң.
Кармашып каны төгүлбөй,
Качып калкы сөгүлбөй,
Урушуп уят болбоду,
Улуктук кылып Алооке
Ушинтип ишин оңдоду.
Каалаган экөөн алыптыр,
Канкор Манас саламат
Кайта жолго салыптыр.

