АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Жооп берсең турайын,
Жоолабай моюн сунайын.
Жол берсең кетип тынайын,
Карап бер десең карайын
Бүгүн айтып угузуп
Эртең кайра танбайын,
Букара кылсаң боо бармын.
Упалуу беттен кан акса
Убалы кимдин мойнунда?
Сурмалуу көздөн жаш акса
Суусу кимдин койнуна?
Атышсам аман калбадым,
Аманат жаным жалмадым,
Өкүнчүм жок сөзүмдө,
Өлүм жакын өзүмө,
Арстан Манас экенсиң,
Ажал огу сайылып
Турат экен көзүңдө!
Атышып алар алым жок,
Кармашып алар каруум жок,
Чыкпайм ушу жерден деп
Чыр саларга чагым жок.
Кеңчилик кылсаң турганым,
Кеңчилигиң жок болсо
Кетмекке моюн сунганым.
Урматтасаң турганым,
Урматтабайм, жок десең
Урушарга шайым жок,
Үзүүгө моюн сунганым.
Өлбөй тирүү турушум,
Өлүмдөн кыйын жумушум.
Айрылдым таажым-тактымдан,
Кармашып адам жеңе албас
Башыңда сыймык бактыңдан!
Катыла албай Алооке
Канкор Манас баатырга
Кадырын салды жепжеке.
Өлүмүн тилеп өтүндү,
Жанын тилеп жалбарды,
Кыйын экен Алооке
Кыларын билип кыйналды,
Кыйла сүйлөп кеп салды.
Кылая багып күлбөгөн,
Күлгөндүн сырын билбеген,
Күңгүрөнө сүйлөгөн
Кыраан Манас кеп айтат:
Мынча не деп кысталдың
Эй, Алооке, деп айтат.
Жалбарып жаның сурадың,
Жайыңды көрүп турамын.

