АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Аярлык көзүн салыптыр,
Айбатын көрүп Алооке
Айран азыр калыптыр:
Кирпиги жалын, көзү чок,
Кишиден мындай сонун жок.
Айткан кеби — аткан ок,
Адамдан мындай борум жок.
Айбат менен караса
Азырейил * түзү бар,
Кирпигине караса
Албарстын * учу бар,
Бир өзүнүн башында
Миң балбандын күчү бар.
Жолборс маңдай, таш жүрөк,
Жооруну калың, пил билек,
Кыр мурундуу, кызыл көз,
Кыйгач каштуу, заар сөз.
Айбат сакал, тик мурут,
Ачууланса каарына
Турар эмес эч бир журт.
Жалжагай ооз, жар кабак,
Жаалы катуу көрүндү.
Качырганы соо болбос
Каары катуу көрүндү.
Акылы терең, ачуу кем,
Айткан сөзү журтуна эм.
Алооке көрдү айбатын.
Ал-кубатын, кайратын.
Найза жанчып, ок атып
Алуучудан көрүнбөйт,
Кармашканы соо болуп
Калуучудан көрүнбөйт.
Беттешкени мерт болбой
Кетүүчүдөн көрүнбөйт,
Талабына тартышкан
Жетүүчүдөн көрүнбөйт.
Алоокенин акылы,
Аңдап туруп мүнөзүн
Башынан кетти акыры:
Катылбайын кол салып,
Кара жанга зор салып,
Баштабайын буга уруш
Балакетке жол салып.
Ажайыпта шерлер бар,
Күнөкөрдөн бир миңин
Айдап кийрип жиберсе
Аш кайнамда жеген бар,
Баарысынан кыйыны
Жабыр баян деген бар.

