Көрөмүн деп окустан,
Көңүлдөнсө кокустан
Барса келбес жолуна
Баарын кийрип иейин,
Кабыландар жеген соң
Калган кыргыз малына
Эрким менен кирейин!
Көөнүнө муну алыптыр,
Ажайыпкана көрсөм деп
Көк жал эр айтып салыптыр.
Арстан Манас жөнөлдү
Барса келбес жолуна,
Баары басты сексен төрт
Баатырынын соңуна.
Бирине бири жете албай
Күркүрөп жаткан көп жолборс,
Темирден салган дубалы,
Тешиктен киши көрүнсө
Сом темирден коргону
Адамды алып жесем деп
Тербелтер эле булары.
Темирди келип кажашып,
Чыгып тышка кете албай,
Көрүнгөн жанга жете албай,
Урунуп жүрүп тажашып,
Калуучу экен токтолуп,
Караанын көрсө кишинин
Качырчу экен октолуп.
Панжарага жетчү экен,
Башы менен бир тийип,
Кайра басып кетчү экен.
Кабылан Манас барыптыр
Капкасын ачып алыптыр.
Бир жанында миң жаны
Болсо бири калбас деп
Көчөгө кийрип салыптыр.
Качты жолборс канкордон,
Катылары болбоду,
Кармап алып кай бирөөн
Куйруктарын толгоду.
Жолборстор турду жыйылып,
Башын ийип баатырга,
Ишарат кылып сыйынып.
Жолборс түгүл тайбасы,
Анык бүгүн ачылды
Алоокенин пардасы.
Жырткычтан бирөө карабай
Сексен төрт жүргөн кишини,
Агулук деген башчысы,
Айбанатка жем берип
Ар качан күтүп бакчусу,
Ачыгып турган арстандар
Ага салды тишини.