АЛООКЕ КАНДЫН МАНАСКА БАГЫНГАНЫ
Агулукту талады,
Булуп кетип жолборстор
Алакандай калбады.
Алооке карап сыртынан
Акылынан танганы.
Жабыр баян жандары
Жалгызы кылбай жамандык
Жанын тилеп калганы.
Жалпы турду токтолуп,
Залал кылып кол салып
Катылары жок болуп,
Карап турду токтолуп
Кабыланы, шерлери,
Кандай кыйын жерлери,
Кашында жолдош сексен төрт,
Катылып бири келбеди.
Кырк уруу экен уругу,
Жалпы жырткыч ичинде
Жабыр баян улугу.
Ичинде жүрөт эр Манас,
Катылганы болбоду,
Карап турган Алооке
Капалыкка толгону.
Ажыдаар бар, көрсүн деп
Айгай салды тышынан,
Ажыдаар жутар бекен деп
Үмүт кылды ошондон.
Токтобой Манас барганы,
Желкесинен кармады.
Сүйрөгөн бойдон чыгыптыр,
Көчөдөгү адамын
Аштыкана тамына
Коркутуп баарын тыгыптыр.
Бошонгон соң ачуудан
Дүркүрөтүп ышкырды,
Бакмадагы куландар
Мардын ышкырыгынан
Баары да үркүп бышкырды.
Падышалык чарбакка
Ажыдаар сойлоду,
Алиги турган Алооке
Арстан Манас баатырды
Не жан бу деп ойлоду.
Айбан, жырткыч баарысы
Залал кылбайкойгону,
Ким жараткан муну деп
Өлүм түшүп оюна
Өз жанынан тойгону.
Ажыдаар кетти жайына,
Аттуу киши көрүнгүс
Сойлоп кеткен сайына.

