ЖАКЫПТЫН АГАСЫ БАЙДЫН БАЯНЫ
Орозду деген кишинин
Он баласы бар экен.
Ону бирдей караса
Оңбогондой жан экен.
Аксакалы Чагатай,
Экинчиси Чегетай,
Үчүнчүсү Көбөтай,
Төртүнчүсү Бөбөтай,
Алтынчысы Бабатай,
Жетинчиси Сабатай,
Сегизинчиси Кабатай,
Тогузунчусу Тобатай,
Онунчусу Ордобай.
Опол тоонун ар жагы,
Орчун Даң-Дуң бер жагы
Ыраңдыны жайлаган,
Атасы Ороз баш болуп
Алтымыш бээ байлаган.

