Өлдү деп мени көрүптүр,
Өңкөй талдын ичине
Топурак менен көмүптүр.
Көчүк жагым басылып,
Көкүрөгүм ачылып.
Жарым күндө эс алып,
Жан жагымды карасам
Жаадай чабдар аты бар,
Жагалдуу* кара тону бар,
Алеңгир жаа* асынган,
Азезил шайтан мас кылган
Нескара деген эр экен.
Эгер беттешкен киши соо калбас
Пейли катуу неме экен.
Аты менен тилдешкен,
Азезил менен кеңешкен
Аярлыгы бар экен,
Азезил ага жар экен.
Казып аткан арыгын
Кайрылбады таштады,
Алты миң ашык адамын
Аңгире жолго* баштады.
Манас деген ким дедим,
Же башта жайын билбедим,
Суурулуп чыгып турпактан,
Суу буюрар деп бу жактан
Качыр кармап алганым,
Каркап алты күн болду
Каңгып жолго салганым.
Колдун түшүп артынан,
Көрүнбөдүм аларга
Бая чала өлтүргөн дартынан.
Эл караанын көрөм деп,
Эл караанын көрбөсөм
Энди ачкадан өлөм деп
Кайгыланган кезимде,
Кагылайын каралдым,
Сен көрүндүң көзүмө.
Манас деп тикти казатын
Ынангын ушу сөзүмө.
Бай айтты, Жакып агасы,
Муну уккан соң Жакыптын
Зирилдеди жакасы.
Аттаналы, чабалы,
Айылды ылдам табалы,
Ары-бери камданып,
Адам жыйып алалы.
Аны ойлонду Жакып чал,
Ашыкканын карап ал.
Жетимиш үйлүү кыргызы
Жетип кабар салыптыр.
Жаңыдан келген тууганы,
Бай Жакыпты мааналап
Бир жыл болгон турганы,
Алты, бештен түтүнү,
Каңгы деген калк эле.
Каңгылардын ичинде
Чегиш деген алп эле.
Уругу кыргыз калчадан,
Ошондо бар канча жан,
Угузуп кабар салыптыр,
Уйгу-туйгу баарысы
Убарага калыптыр.
Узак жолго барсын деп
Бая карып калган Балтаны
буйруп салыптыр.
Бая манжудан келген калмагы
Эки жүз токсон түтүнү
Немесин койбой күтүндү.
Ошпур менен Саламат,
Аларга түштү алаамат.
Балта чал байкуш кетиптир,
Алты күндүк жолдорго
Арага конбой жетиптир.
Казактын ары четине
Иле суунун бетине,
Аягы Барыскан, Дарканга
Барып кабар салганда
Күнөс балбан күркүрөп
Атка минип алыптыр.
Камбардын уулу Айдаркан—
Казактан чыккан мыкты жан.
Жүргөнү чынжыр жол болуп,
Селдей каптап булар да
Сегиз миңдей кол болуп
Жүрө турсун ушулар,
Алты күндө, беш күндө
Араң жетер тушу бар.