ЖАКЫПТЫН АГАСЫ БАЙДЫН БАЯНЫ
Атым Жакып дегенде,
Айтып кабар бергенде,
Бай бакырды «бар!» деди,
Өткөн экен дүнүйө, ай
Өмүрдүн баары кар деди.
— Он жетиде сен элең,
Эне-атаңа эркелеп
Эчтеме билбес неме элең,
Жыйырмада жылас мен элем,
Жыргалда жүргөн неме элем.
Куйругу болсом, жал элең,
Куруп калсын дүнүйө, ай,
Ойноп жүргөн бала элең.
Көзүм болсо көргөнүм,
Көргөндө жалгыз эрмегим,
Өйдө болсом өбөгүм,
Алдейлеген бөбөгүм,
Тайгылганда жөлөгүм!
Тар курсакка жатканым,
Талашып чүкө атканым!
Айдоосу менен улуктун
Айрылып калып думуктум.
Камоосу менен капырдын
Каралдым, Жакып, сен кетип,
Кабыргама батырдың.
Туушаң пааша тушунда
Туш-тушка бөлүп ошондо,
Ногойдун уулун бөлгөнү,
Ойрон жаным өлбөдү,
Ошондон бери зыркырап,
Ушубу көзүм көргөнү.
Күйөрүң Байың мен элем,
Сенден калып айрылып,
Күлкү болгон кем элем.
Он жетиңде бөлүндүң,
Ойлосом жашым төгүлдүм,
Каралдым сенден айрылып
Кабыргам мурда сөгүлдүм.
Чарчасам минер бурагым,
Ташка басса туягым,
Жоого кетсем кыягым,*
Жобогонуң көп белем,
Карып калган сыягың.
Кубанды бүгүн жүрөгүм,
Ойлосом сени жүдөдүм.
Айгайды Байың салганы,
Агасы Байды көргөндө
Ал атынан түшүп калганы,
Айгайды бийик салганы.
Айрылганы алардын
Алтымыш жылча болуптур,
Аккан жашын караса
Коюнуна толуптур.
Жакама таккан тумарым,
Жазылар бекен кумарым,
Көрөр күнүм болобу —
Көп зарланып сурадым.
Алтымыш жылдан бер жакка
Айрылышып арданган,
Агага ини кошулуп
Ай талаада зарланган.
Аман-эсен көрүшкөн
Аларды арбак сүйгөн кандай жан.
Бай олтуруп кеп сурайт,
Балаң барбы деп сурайт,
Баяндап аны көп сурайт.
Жакып: — Балам бар деди,
Жараткан болсун жар деди,
Ишарат берген түштө деп,
Жашы барды бу кезде
Таамай он үчкө деп.
Эл-журтумдун жогунан
Дүйнө мага тар деди,
Дагы эки келиниң
Бойлорунда бар деди.
Келиниң бар боюнда,
Кененем деймин оюмда.
Анда туруп Бай айтат,
Жакыбына жай айтат:
Карганда бала көрүпсүң,
Кайгы менен жүрүпсүң,
Калдайган талаа жер жатат,
Мунун калкын кайда сүрүпсүң?
Ээн экен жери, неткен деп,
Мунун эли кайда кеткен деп,
Бетеге белден бураган,
Элиги ээн сулаган.
Жаңы келген Байыңыз
Жакыптан жайын сураган.
Мен келгени бу жерге
Жайытка малым толду деп,
Так отуз жыл болду деп,
Ээн экен мурун жер,
Жерди айтайын уга бер.
Мен жаңыдан келгенде
Ат түтөгүп жыгылат
Аркан бою желгенде.
Адыр — адыр жерлери,
Артмак улуу белдери.

