Ороздунун он уулу
Ойло балам сен муну,
Биздин малды алгандан
Бүткөндүр деймин өз куну.
Жашың жетти он сегиз,
Жайытта малың куп тегиз,
Аттар жалдуу, төө семиз.
Ат току, балам, минейин,
Айбалтам белге илейин,
Алда деп жолго кирейин.
Алтайдын тоосун чалайын,
Ары чети угушум
Шыйкуу деген жер бар дейт,
Чын ошого барайын.
Ыраактап кетер жол барбы,
Ынтымак салар эл барбы?
Бөөрү жазы жай барбы,
Баш калкалар бай барбы?
Кенже Жакып инибиз,
Кечпейт го мында күнүбүз,
Өлүү бекен, тирүүбү?
Тирүү болсо Жакыбым
Жалгыздыктан зарланып
Ыйлагандын бириби?
Бар болсо байкап билейин,
Башымды кошор бекен деп
Бар кудайдан тилейин.
Өлгөнү болсо көрөйүн,
Өкүрүп кайра жөнөйүн,
Балдарым сага эп болсо
Алтайдын тоосун аралап
Азыр бир барып көрөйүн.
А сөздү айтып Бай турду,
Акылын айтып жай турду.
Баласы Бакай кеп айтат,
— Барыңыз, ата, деп айтат.
Болот деп угам эли бай,
Малга жакшы жери жай.
Өзүбүз жерин чалалык,
Ошондо жакшы жер болсо
Ороздуга кабар салалык,
Аларды да чакырып
Кашыбызга алалык.
Быйыл он үч жыл болду,
Бай Жакып белин бууду деп,
Уктум эле уламыш
Чыйырдынын катыны
Шакан эркек тууду деп.
Ошондогу баргандан,
Ат чабышкан балдардан.
Барып келдик анда деп,
Олжо алышкан чалдардан,
Ошондо мен уккамын
Ойноп жүргөн балдардан.
Башка Жакып болбосо
Байкай турган бир кеп го,
Бөлөк Жакып болбосо
Ойго алышың сизге эп го.
Баргын ата, көрүңүз,
Алтай деген кайда деп
Айныбасын көөнүңүз.
Бакай айтып салганы,
Макул болду бармакка,
Бай жөнөлүп калганы.
Күдүрлөгөн бор менен,
Күпүлдөгөн шор менен,
Жетиген кыям жол менен,
Эки конуп арага,
Алтымыш тогуз жашы бар
Бай жолуна салыптыр,
Үчүнчү күндө түш ченде
Мелтиреген бир жапан
Чөлгө келип калыптыр,
Арык казган алты миң
Элге келип калыптыр.
Өөдө-төмөн өткөндү
Өмөлөп кармап алчу экен,
Өзүнө арык каздырып,
Атын союп салчу экен.
Башкарганы арыкты
Басаңкул аттуу сарт болгон.
Баскан менен тургандын
Жүрөгүнө дарт болгон.
Ал арыкты каздырган,
Абалда шайтан аздырган
Нескара деген дөө болгон.
Көлүгүнөн* айрылып
Көп адамдар жөө болгон.
Атын союп, көлүгүн,
Арыктын таштайт кырына
Адамдардын өлүгүн.
Кетмен чаап шакылдап,
Башчы болгон Басаңкул
Басылбай сүйлөп бакылдап,
Мандикердин* баарысы
Бая Басаңдан коркуп калтылдап.
Байкуш Бай муну билбеген,
Барып калды салпылдап.
Чалга көзүн салганы,
Чапа кармап алганы.
Жер чалам деп желигип
Бай балаага калганы,
Балдарын ойлоп зарланды.