ЖАКЫПТЫН АГАСЫ БАЙДЫН БАЯНЫ
Алты-алтыдан болушуп,
Ачууланса кай күнү
Абыдан жатып өлүшүп,
Уштаганы жазылбай,
Урушканы басылбай,
Кармаганы жазылбай,
Камашканы басылбай,
Беш-бештен болуп алышып,
Белсенишип салышып,
Бети-башын жарышып,
Аны менен тим болбой
Бек алдына барышып,
Берип малын салышып,
Береке кетип калышып.
Атасы Ороз хан болгон,
Алар өсө элегинде
Караган канча жан болгон.
Балдарынын согушунан,
Сабырынын жогунан
Орозду карып каң болгон.
Ороздунун иниси,
Анын аты Бай болгон.
Байдан эки бала бар,
Байкап кебин караңар.
Улуусу аты Бакай дейт,
Нускалап угуп сөздү жейт,
Кичүүсү аты Тайлактыр,
Айылдын көөнүн жайлаптыр.
Байдын эки баласы
Дүнүйө жыйып шайлаптыр,
Ороз уулу ээ кылбайт,
Мал-башына ээ болбой
Тарттырып шору кайнаптыр.
Алыс кетер арга жок,
Тарттырбаска дарман жок.
Ороз уулу тууганы
Оолактатып кууганы,
Оңдурбайт деп буларды.
Ээ болбой малына,
Эми келди Байыңыз
Кашкар менен Жеркендин
Как ортосу шаарына.
Жедик тууган токмогун,
Жеркенге келип токтоюн.
Жеке кеткен Жакыптан
Жетип кабар жоктоюн.
Көйкапка кеткен Үсөндү
Көрөмбү деп күсөдү.
Бай Бакайга кеп айтат,
Балам, уккун деп айтат:
— Ороз уулу оңбоду,
Койгун десек болбоду,
Кордогонун койбоду.
Эрестешип турушат,
Эки-үч күнү тим турбай
Эрегишип урушат.
Арадан алты күн өтпөй
Ач бөрүдөй жулушат.
Белсенишип турушат,
Беш күн өтпөй урушат.
Камчы, таяк алышат,
Кандайлыгын билбеймин
Карсылдашып калышат.
Канын төгүп бир-бири
Хан алдына барышат,
Кайтып келип калышат.
Бай балдары кайда деп,
Малын бери айда деп
Балааны бизге салышат.
Кашкар, Жеркен бакалап,
Кара сууну жакалап,
Өз туугандан жат болуп,
Ороздунун балдары
Өмдүгүн койбойт ар качан
Өзөккө түшкөн дарт болуп.
Тууганбыз десек болбоду,
Душмандан бетер кордоду.
Бай балдары жалгыз деп
Басабыз деп ойлоду.
Мал талашсак кокустан,
Бизге салат ойронду.
Атакеси Бай туруп
Бир күнү муну ойлонду.
Жеркен какыр жер экен,
Кашкарыңа карасак
Суусу булак, жери таш,
Баары душман, эли кас.
Мал багуучу жери аз,
Балам, Бакай, ойлонуп,
Башыңды алып мындан кач,
Масың тарап, көзүңдү ач.
Алгын деди сөзүмдү,
Ачкын деди көзүңдү.
Сар-Колдо калды тууганың,
Зардабына чыдабай
Зарыгып келип турганым.
Аз болгон соң атадан
Абыдан менин курганым.
Эки балам сен болдуң,
Эмгектүү карган мен болдум.

