Байдын атын союшту,
Байкуш кылып коюшту.
Кетмен берди колуна,
Кептин кара соңуна.
Чалга арык каздырып,
Чарчадым десе түк болбойт
Чап бачым деп шаштырып.
Эки жарым күн болду,
Чалдын аты ким болду,
Чарчадым, эми болдум,— дел,
Чал суналып тим болду.
Чал жыгылды көргүн деп,
Арыктын сүйрөп кырына
Топурак үйүп көмгүн деп
Кырга сүйрөп салганы,
Жерди чалам деп келип
Кызыкка бу чал калганы.
Көңдөйүндө кырчындын
Көөдөнү ачык калганы.
Көрүп жаткан көзү бар,
Көкүрөктө эси бар.
Багын ачып кудайың
Башына бак конуучу кези бар.
Арык ээси Нескара,
Аңдап угуп сөз кара.
Ээси менен сүйлөшүп,
Эс үйрөтчү мал экен,
Аты болуп сүйлөөчү
Ажына* менен жин болуп
Алты шайтан бар экен.
Караса көзгө илинбес,
Кармаса колго билинбес,
Нескараны колдогон
Элүү балбан дөөсү бар,
Эртели-кечти эки убак
Чабдар аты бар экен,
Азгырып айткан сөзү бар.
Көрүнбөйт анын көзүнө,
Көрүнбөсө мейли деп
Ишенет анын сөзүнө.
Алтындан бутту* койгун деп,
Ар качан башыңды ургун деп,
Алда деген нак ушу
Айтканын кылып тургун деп,
Жарлыгы жалган түк болбойт,
Жаман деген жан оңбойт,
Жамандык көргөн күнүңдө
Жалынып келсең чоң колдойт.
Бут койдуруп бултуйтуп,
Эки ууртун дулдуйтуп,
Алтындан кылган баштарын,
Осмодон койгон каштарын,
Көөхардан* кылып көзүнү,
Көркүн оңдоп өзүнү.
Сары алтындан бой кылып,
Забар* зерден* кол кылып,
Инжиден* сайып тиш кылып,
Жыргатчуудай иш кылып,
Эрди, мурду зумурут*,
Эртели-кечти кызматын
Эрикпей кылып олтурат.
Айтканыбыз болот деп
Ал шайтандар кутурат.
Дөө, шайтан, жин болду,
Колдон согуп кудай деп
Жөөлүгөн мындай ким болду.
Аны ошо жерге таштаңыз,
Аттын кебин баштаңыз.
Эр Нескара дөө деди,
Өзүң мага ээ деди.
Өлбөй турган камыңды
Ушу баштан же деди.
Алып аткан алышын
Анык ырас билемин
Ай талаада калышын.
Айткан кебим бу деди,
Алып аткан алышың
Ак-Суудан чыккан суу деди.
Алтай тоосун жердеген
Түмөндөгөн жылкы бар,
Айдап бери куу деди.
Аркаңдан салат ошондо
Ногой деген чуу деди.
Ошо чуунун ичинде,
Толо элек азыр күчүнө,
Манас деген бала бар,
Эсиңе муну сала бар.
Отуз нөкөр кашында,
Быйыл он үч жашында,
Аземил суунун башында,
Тийип жылкы ал деди.
Артынан келген куугунга
Тиктеп көзүң сал деди.
Ал жылкынын ээси
Жакып аттуу чал деди.
Жакыпты коюп, баласын,
Жалгыз туума Манасын
Куткарбай кармап ал деди.
Куткарып ийсең курудуң,
Жалганы жок мунумун.
Качырып ийсең кайгырдың,
Кара жандан айрылдың.