Балтыр эти толо элек,
Балбан чагы боло элек,
Умтулуп уруш сала элек,
Уруштун ыгын ала элек,
Чаң Көзүнө толо элек,
Чабышка камбыл боло элек
Уюган чаңга кире элек,
Уруштун ыгын биле элек.
Ушу күндө тутпасаң,
Урушуп аны жутпасаң
Оёр эки көзүңдү,
Ойлонгун менин сөзүмдү,
Акырында ал Манас
Ойрон кылар өзүңдү.
Манасты барып сой деди,
Айдап келип жылкысын
Арыкчыга кой деди,
Арык казган сойсун деп,
Адамдын баары тййсун деп
Эгер тийсе колуңа
Манастын көзүн ойгун деп
Чабдар ат болуп сүйлөдү,
Нескараны бийледи.
Алданын көргүн ишини,
Айдап чыкты Нескара
Алты миң ашык кишини,
Мандыкердин* баарысын,
Жашы менен карысын.
Кулундардын баарысы
Кара кулак болду деп,
Кур аттар майга толду деп,
Ыраңдын* башы солду деп,
Кулан жайлоо, Куу-Тезге
Жылкы салчуу бир кезге
Көктөмөнүн артында,
(Көргүн Жакып салтына,
Көзү жетпейт адамдын
Чыны менен калпына),
Жайлоосу Жашыл-Көл экен,
Өлкөгө барып конору
Кулан жайлоо бел экен,
Күн жүрүш жагы — түштүгү
Куу-Тездин ою дээр экен.
Кулан жайлак барам деп,
Кабарсыз калды балам деп,
Малым менен баламдан
Барып кабар алам деп,
Туучунак менен болкоюп,
Абаңыз Жакып золкоюп,
Атына минип алыптыр,
Аралдан чыгып барыптыр.
Алты күнү жол жүрүп,
Аңгирге барчу жол менен,
Алты миң ашык кол менен
Нескара жолго салыптыр.
Эл карасын көргөндө
Эси чыгып бай Жакып,
Бу эмине шумдук деп,
Көрүнбөстөн калыптыр,
Жалгыз-жарым жан болсо
Сурасам экен сөзүн деп,
Алиги келген аскердин
Артына көзүн салыптыр.
Жалгыз-жарым жан жүрсө
Карап көзгө алсам деп,
Кандай жүргөн черүү деп
Кабарын сурап билсем деп
Акмалап көзүн салыптыр,
Алты миң аскер кол менен
Алар өтүп кетип калыптыр.
Өткөнүн Жакып көрүптүр,
Кайыңдынын Алты-Суу,
Бу кошуун шондой өрүптүр.
Аскердин арка жагынан
Элес-булас бир караан
Энди Жакып көрүптүр.
Жалгыз-жарым жан экен,
Жалгыз жүргөн бу да бир
Мээнеттүү мендей чал бекен.
Ким экенин билейин,
Кебин угуп тилейин.
Аны таштай салыңыз,
Арыкка көмгөн Бай байкуш
Андан кабар алыңыз.
Бая Чабдар ат кебин урганын,
Нескара тыңшап турганын
Көмүүдө Бай чал көрүптүр,
Азыркысын алардын
Кылганына көнүптүр.
Көбөттө калган бу Байдын
Көргүн эми ал жайын.
Өзүнүн күүлөп күч шайын
Суурулуп кумдан чыгыптыр,
Чабдар ат айткан сөздөрдү
Шашпай жатып угуптур.
Элин айдап Нескара
Жакыптын жылкын алууга
Арыкчыга сойгузуп,
Ачкаларын тойгузуп,
Мындай иш кылып салууга,
Арбып-дарбып дүрбөшүп,
Аттан, болгун, жүр дешип,
Айтканынын баарын угуптур.