Адырдын чөбү суюлуп,
Аркары кумдай куюлуп,.
Аркары киши тааныбайт,
А түгүл арыздуу адам наалыбайт.
Будур-будур жерлери,
Буруш-буруш белдери,
Мында жок экен элдери.
Будурдун чөбү суюлуп,
Бугусу кумдай куюлуп,
Бугусу киши тааныбайт,
Муңдуу киши наалыбайт.
Жерим эркин жай болдум,
Илая шүгүр кудайга
Жергемден озгон бай болдум.
Алың кандай, аба деп,
Айтып бергин мага деп,
Ай, бербердигер кудурет
Бердиби бала сага деп,
Алда бербей койгон соң,
Адамда недир чара деп
Бай Жакып сурап калганы.
Эки эркек балам деп,
Эрмек кылган карам деп,
Эбактан бери ажырап,
Элден тынбайт санаам деп.
Он эки уруу кыргыздын
Олутун жоктоп кыйналдым,
Кенже иним Жакып дегенде
Күндө үч убак ыйладым.
Күйүттөн жанды кыйбадым,
Ошондон бери бир жүрүп
Ороздуну сыйладым.
Хан эле карып болгону,
Балдарынын зарпынан,
Бат урушкан дартынан
Кайгыга каркап толгону.
Бек эле бейпай болгону,
Балдарынын дартынан
Мээнетке каркап толгону.
Орозду жүрөт ойбой деп,
Ойроттун калың чагында
Ошондо өлүп койбой деп.
Сексенге жетти жашы деп,
Сексейген аппак чачы деп,
Сен дегенде зарланып
Сел болот кара жашы деп
Бай сүйлөдү баарысын,
Бай Жакып укту наалышын.
Баянын айт деп тим эле,
Балаңдын аты ким эле
Жакып сурап калганы.
Бир балам аты Бакай деп,
Бир балам аты Тайлак деп,
Бай берди минтип жообун.
Аларды аман көрсөм деп,
Бай Жакып кылды тообун.
Бай сурады Жакыптан,
Байкуш болгон эки жан,
Жай сурадык тим деди,
Жакып сенин жанагы
Жалгызың аты ким деди.
Байга Жакып кеп айтат:
— Жалгыз келген бир балам,
Жардам берсин бир алдам,
Аты Манас деп айтат.
Аны уккан соң Бай айтып:
— Айткан оозго толуптур,
Аты жакшы болуптур.
Ата-баба арбагы,
Колдой көргүн арбак деп
Кол көтөрүп салганы.
Эзилишкен эки чал,
Эси кеткен Байыңдын
Эсине түшө калганы.
— Өлтүрөм деп Нескара
Манас деген баланы,
Алты миң аскер кол баштап
Аңгире жолго салганы.
Издеп чыгып өзүңдү,
Көрөмбү деп көзүңдү
Эки жарым күн жүрүп,
Алтай жолго салганым,
Арык казган Нескара
Жолдо учурап калганым.
Жол боюнда жатыптыр,
Аңдабай шорум катыптыр.
Көргөн жерде өзүмдү
Карайлатып көзүмдү,
Айтсам укпайт сөзүмдү,
Союп алып атымды
Шорду абдан катырды,
Кетмен берип колума,
Кетмен менен бат чап деп
Кекетип турду соңумда.
Келтирип кетмен салганым,
Бир күн бүтүн чапкылап,
Эртесинде түш ченде
Күйүгүп жатып калганым.
Күркүрөшүп сүйлөдү,
Өлдү чал деп сүйрөдү.
Казган арык сыртына,
Арыкка салган кырчынга
Жатыптырмын далдайып,
Эстен танып шалдайым.