Адамдын баары кеткен соң,
Аш бышымга жеткен соң,
Көмгөн жерден чыгыптыр.
Союп койду атымды,
Кимге айтам деп датымды,
Керейин деп чатымды,
Качып мындан кутулуп
Кетейин деп акыры
Жан жакка көзүн салыптыр,
Жаргак деген колотто
Алты качыр, төрт эшек
Бая аламанда элден калыптыр,
Качырды кармап алууга
Бай барбайып барыптыр.
Этекке конок салыптыр,
Энтелеп Байың барыптыр,
Качырлардын бирөөнү
Эптеп кармап алыптыр.
Арык казган адамдан
Элүү, кыркы калыптыр,
Эң учунда арыктын
Алар эңиш жакка барыптыр.
Байдын эптеп чыкканын
Баятадан көрбөй калыптыр,
Качыр кармап жүргөндө
Карасын көрө салыптыр.
Кайдан келген адам деп,
Келген экен бир жактан
Бу ууру кылчу арам деп,
Кууп кармап алам деп,
Кужулдашып келатыр,
Азы бала, көбү чал,
Аңгемесин көрүп ал.
Алардан качып озунуп,
Ак куудай мойну созулуп,
Бай кыраңга чыгыптыр,
Эки-үчөөнү таш мекен
Кырдан уруп жыгыптыр.
Кайра кетчү жолуңу
Арыкчы тозуп алыптыр,
Аргасы жок Байыңыз
Аскердин арка жагынан
Наалып жолго салыптыр.
Бу жолумдан кечейин,
Аскердин арка жагынан
Бура тартып нетейин,
Эл карасын көргөнчө
Ээрчип кошо кетейин.
Көрүнбөйүн көзүнө,
Жолу каткан аскердин
Жолукпайын өзүнө.
Ошону ойлоп Байыңыз,
Оңолор энди жайыңыз,
Качырды коюп кулакка,
Кары чал келет бу жакка.
Бу кандай жүргөн черүү* деп,
Кай тараптын эли деп,
Каяктын ханы, беги деп,
Кабарын уксам деги деп
Бай Жакып көзүн салыптыр.
Кол артынан бир караан
Шашкелик жерден көрүнгөн,
Жакып күйүп эринген.
Туучунак менен жол тосуп,
Сурайын деп жолгошуп
Жакып бай каршы желгени,
Анда салам бизде жок,
Мөндү* деп салам бергени.
Буурул сакал бу Жакып,
Ал аксакал экен келгени.
Келген жерден а дагы
Амансызбы дегени.
Аман-эсен баатыр деп,
Аты-жөнүң ким болот,
Айт жөнүңдү акыр деп
Бай сурады Жакыптан.
Жакып шондо кеп айтат,
Жайым ушу деп айтат;
— Башкы атам Байгур болгон дейт,
Башына дөөлөт конгон дейт,
Экинчи атам Бабыр хан,
Эгемдин ишин ойлосом
Эсим ооп болом таң.
Үчүнчү атам Түбөйдү,
Түмөндөп эли көбөйдү.
Төртүнчү атам Көгөйдү,
Көгөйдөн тууган Ногой деп,
Ногойдун уулу мен элем.
Он жетимде жашымда,
Ата-энемден айрылып,
Айдоого кеткен кем элем.
Котондун куйган оюнда,
Сашаң көлдүн боюнда
Бөйөндүн уулу Чаянды,
Мусапыр болуп бу башым
Чаянга келип таянды.
Башымды бердим малайга,
Кызматын кылдым далайга.
Сашаң көлдө жай алдым,
Ал Чаян, Бөйөн өлгөн соң
Быйыл отуз жыл болду,
Алтайдын тоосун таяндым.